Чек ара чырында жарадар болгон аскер Оштогу ооруканага которулду

12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан куралдуу чырда жарадар болгон чек арачы Ош шаарындагы аскер госпиталына которулду. Бул тууралуу 15-апрелде Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Аскердин абалы орточо оор деп бааланууда. Ошондой эле Лейлек райондук Жалпы дарыгерлик практика борборунун хирургия бөлүмүндө жаткан бир тургундун абалы да орточо оор бойдон. Ага операция жасалаары күтүлүүдө.

Чек ара жаңжалында жалпы алты кыргызстандык жабыркап ооруканага кайрылган. Алардын төртөө амбулатордук дарыланууга жиберилген.

Ал эми бир аскер жана жай тургун стационардык түрдө дарыланып жаткан. 23 жаштагы аскердин санына жана таманына октун учкундары тийип, ага операция жасалган. 30 жаштагы жай тургундун оң жак тизесине октун учкундары тийген.

Чек арадагы жаңжал

Кыргызстандын УКМКсына караштуу Чек ара кызматы 12-апрель күнү кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу орун алганын маалымдаган.

Биринчи жаңжал райондун Селкана жерлигинде чыккан. Анда тажик аскерлери Кыргызстандын чек арасына 20 метр кирип келип, кыргыз аскерлерине ок атышкан.

Эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп, ок атышуу токтотулган. Ал учурда кыргыз тараптан эч ким жарадар болгон эмес, ал эми тажик тараптан бир аскер октон жаракат алганы маалымдалган.

Бирок Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатканда чыр-чатак орун алган жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары кыргыз аскерлерине ок чыгарышкан.

Экинчи ок атышуу 30 мүнөткө созулган. Анын кесепетинен бир кыргыз аскери жарадар болгон. Чек ара кызматы андан соң тажик тарап Лейлек районунун Достук айылын миномёт менен аткылай баштаганын кабарлаган. Ошондой эле тажик тарапты жергиликтүү жашоочуларды аткылоону токтотууга жана кырдаалды курчутпоого чакырган.

Мекеменин басма сөз кызматы саат 22:15 чамасында Тажикстандын чек арачылары Достук айылын миномёттон аткылоону токтотконун билдирген.

Кийинчерээк саат 22:50дөн баштап 23:16га чейин Баткен районунун Радар-1 жерлигинде тажик аскерлери кыргыз чек арачыларын маал-маалы менен аткылаганы айтылган. Ошондой эле окуя болгон жерге Тажикстан кошумча күчтөрдү жана каражаттарды тартып жатканы байкалган. Тараптар жолугуп, кошумча күчтөрдү артка кайтаруу макулдашылган.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөр 13-апрелге караган түнү Кыргызстандын «Кулунду-автожол» көзөмөл өткөрүүчү жайы менен Тажикстандын «Овчи-Калача-автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинин ортосунда уланган.

Андан соң 13-апрелде саат 11:00дөн 12:30га чейин Лейлек районунун Селкана аймагында Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода жолугуп, кабыл алынган чечимдерди ишке ашырууну макулдашышкан.

Чек ара чырынан улам Баткен жана Лейлек райондорунун 18 507 тургуну эвакуацияланып, 13-апрелде кайрадан үйлөрүнө кайтышты. Учурда абал туруктуу, күч органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен: Чек ара чырында жалпы алты кыргызстандык жабыркады

Чек ара чырында октон жарадар болгон тажик аскери каза болгону айтылды

Чек ара: Эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү, тургундар үйлөрүнө кайта баштады

Баткен жана Лейлек районунун чек арага чектеш айылдарынын тургундары эвакуацияланды

Чек арадан кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мурдагы ордуна чыгарып кетүү макулдашылды

Баткен облусунун башчысы: Учурда чек арадагы кырдаал биздин көзөмөлдө турат

Тажикстан Баткен районунда аскерлерди аткылап, кошумча күчтөрдү тартууда

Чек ара кызматы: Тажик тарап Достук айылын миномёт менен аткылады, жаракат алгандар бар