Өспүрүм өзү теңдүү кызды зордуктоого шектелүүдө. Кыз кан тамырын тилүүгө аракет кылган

Чүйдүн Ысык-Ата районунда 15 жаштагы бала өзү теңдүү кызды зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы кабарлады.

18-апрелде милицияга аял арыз менен кайрылган. Ал 24-февралда Кант шаарындагы мейманканалардын биринде «чала тааныш бала» жашы жете элек кызы менен жыныстык катнашка барганын айткан.

Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, алдын ала текшерүү иштери башталган.

Милиция кызды суракка алганда бала менен 2021-жылдын октябрында Телеграм аркылуу таанышканын айтып берген. Кийин алар « кыз-жигит» болуп сүйлөшүп башташкан. Ал эми 24-февраль күнү ал кызды шаардагы мейманканалардын бирине чакырып, кыздын мас абалынан пайдаланып жыныстык катнашка барган.

Милиция баланын өздүгүн тактап, ал 15 жаштагы К.А. аттуу өспүрүм экени белгилүү болгон. Сурак учурунда ал жыныстык катнашка кыздын макулдугу менен барганын айткан.

Тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Kaktus Media басылмасынын журналисттери жабыркаган кыз 19-апрелде кан тамырын тилгенин, бирок ага өз убагында медициналык жардам көрсөтүлгөнүн жазышты. Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан «Клоопко» малыматты тастыктап, окуянын себептери такталып жатканын билдиришти.

Мындан тышкары, Kaktus Media’га шектүүнүн жакын тууганы жогорку кызматта иштеген адам экенин, ишти «жабуу» аракети болуп жатканын билдиришкен. Ошондой эле шектүү социалдык тармактарда жабыркаган кыз интимдик кызмат көрсөтөт деген маалыматтарды таратканы белгилүү. Басылманын маалыматына ылайык, бул маалыматтар сотко чейинки өндүрүш башталгандан кийин пайда боло баштаган.

Чүй ОИИББнин басма сөз кызматынан Ысык-Ата РИИБдин жетекчилиги аталган ишти тергөөнүн алкагында басым көрсөтүп жатат деген маалыматты «чындыкка коошпойт» деп билдиришти.

Расмий маалыматтарга караганда, 2021-жылы жашы жете электерге карата 326 зомбулук учуру катталган. Бул 2020-жылга салыштырмаалуу 1,5%га көп.

Тема боюнча: Ысык-Көл: Милиция майыптыгы бар 16 жаштагы кызды зордуктоо фактысын иликтейт

Ысык-Көлдө зордукталган 16 жаштагы майыптыгы бар кызга кесарево операциясы жасалды

Сокулук: Сот 16 жаштагы айылдашын зордуктоого айыпталган кишини 18 жылга кести

Сокулукта 13 жаштагы өгөй кызын зордуктоого айыпталган киши 18 жылга кесилди

Кара-Сууда 6 жашар кызды зордуктаган киши өмүр бою эркинен ажыратылды