Factcheck.kg Жапаров «Кабарга» курган маегинде жалган маалымат берип, манипуляция кылганын жазды

Factcheck.kg басылмасы президент Садыр Жапаровдун «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегин талдап чыкты. Фактчекерлер маек учурунда жалган маалымат айтылып, айрым фактылар манипуляцияланганын аныкташты. Сөз төркүнү эмне жөнүндө?

Кымбат кийим

Президент: Негизи мен жыргал жашоого көнгөн эмесмин. Мындан ары деле жыргал жашоону самабайм.

Журналисттер президенттин бул сөзүн жалган деп эсептешет. Алар Жапаров кыргызстандыктар үчүн кымбат деп саналган кийимдерди кийип бир канча жолу коомчулуктун алдына чыкканын эске салышты. Мисалы, февралда дээрлик 6 миң долларлык куртка кийген президент Ош базарын кыдырып, сатуучулар менен жолуккан.

«Жапаров кийген кийимдердин бирөөсүн эле кийгиси келген кыргызстандык орто эсеп менен 5-20 айлык маянасын коротушу керек», — деп белгилейт Factcheсk.kg.

«Келечекке мурас»

Президент: Негизи ар бир кабыл алган чечимдерим, жасаган иштерим келечекке мурас болуп калса деп жасап жатам.

Президент мындай билдирүүнү «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна курула турган президенттин жаңы администрациясы жөнүндө кеп кылып жатып айткан. Жапаровдун айтымында, жаңы имараттын курулушуна бюджеттен акча коротулбайт — бирок инвесторлорго Бишкектин түштүк бөлүгүнөн 16 гектар жер берилет.

Factcheсk.kg президент өз сөзүндө «Лингвопропаганда» деп аталган манипуляцияны колдонгон деп эсептешет.

«Манипуляциянын бул түрү “Лингвопропаганда” деп аталат. Мында манипулятор маалыматты бурмалоо жана/же аудиторияга эмоционалдык таасир этиш үчүн көркөм чагылдыруунун ар кандай каражаттарын колдонот», — деп белгилейт басылма.

Тыгындар тууралуу

Президент: Бишкектин борбору автотыгындарга толуп кетти. Мурда Москвада тыгындарда эки-үч саат турасың дечү элек. Азыр биздин Бишкек деле кем калбай калды. Ошол үчүн биз бир эле президенттик имаратты эмес, бүтүндөй министрликтерди өйдө жакка көчүрөбүз. Бардык министрлер бир эле имаратта олтурушат.

Factcheсk.kg Жапаров бул жерде дагы фактыларды бурмалаган деп эсептейт. Журналисттер Бишкектеги тыгын мамлекеттик органдардын жайгашуусунан көз каранды эместигин, буга жыл сайын өсүп жаткан жашоочулардын саны, коомдук транспорттун азайышы, жеке унаалардын көбөйүшү, чиновниктердин, анын ичинде президенттин кортежи себеп экенин эске салышты.

«Манас» аэропорту тууралуу

Президент: Былтыр “Манас” аэропорту 4 миллиард 4 миллион сом таза киреше берди. Мурда эң көп таза киреше бергени 2019-жылы болгон экен. 1 миллиард 800 миллион сом бериптир. Биз ал жактагы коррупцияны жок кылдык эле, быйыл мына 4 миллиард киреше берип атат.

Factcheсk.kg бул жерде дагы фактыларды бурмалоо бар деп эсептешет. Алар 2021-жылдын июлунда «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы 6 айда тарыхта рекорддук киреше алганын жарыялаганын эске салышты. Анда киреше коррупциялык схемаларды жойгондуктан эмес, жаңы авиакомпаниялар тартылып, ички каттамдардын саны көбөйтүлгөндүктөн өскөн деп түшүндүрүшкөн.

«ЖМКга басым тууралуу

Президент: Кыргызстанда ЖМКга эч кандай басым-кысым жок.

Factcheсk.kg муну жалган деп аташты. Журналисттер мында «Медиа Полиси Институту» коомдук фондунун мониторингине таянышты. Мониторингде Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы акыркы 1,5 жылда мамлекеттин басымынын күчөшүнөн улам начарлап баратат деген бүтүм чыккан.

«Изилденген убакта кылмыш мыйзамдары бийликти сындагандарга жана башкача ой жүгүрткөндөргө басым көрсөтүү үчүн активдүү колдонулган. Сөз эркиндигин чектеген жаңы мыйзамдар жана укуктук актылар да кабыл алынды», — деп айтылат изилдөөдө.

«Клооптун» талдоосуна ылайык, Кыргызстанда ЖМКга басым күчөп жатат. Журналисттер кол салууга, кысымга, коркутууга кабылат, ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылышат. ЖМКга басым күчөгөнүн «ПолитКлиниканын» дата-анализи да бышыктап турат.

«Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2010-жылдан 2022-жылга чейин журналисттерге жана ЖМКга карата он үч кылмыш иши козголгон. Алардын жарымынан көбү акыркы эки жылда ачылган», — деп айтылат журналисттердин макаласында.

Тема боюнча: Кыргызстанда ЖМКга карата басым күчөп жатат

Президент: Айрым ичи бузук медиаөкүлдөрү өз кылмыштарына жооп бербей, кутулуп кетиштин айласын кылып, «кокуй эле кокуй, мени камап атышат» деп кыйкырып чыгып жаткандары бар. Аларды билебиз. Алар – же кылмыштары бар же иликтегич журналист боло калып, калптардын баарын бир кишиге чаптай салгандар.

Factcheсk.kg муну дагы манипуляция деп атайт. Алар Жапаров Кыргызстанда саясатчыларга жана журналисттерге куугунтук болбой турганын, өлкө мурдагыдай эле демократиялык мамлекет болуп кала берерин, анда сөз эркиндиги жана ЖМК кызматкерлеринин коопсуздугу сакталарын бир нече жолу билдиргенин эске салышты.

«Эми мындан ары ар бир журналисттин ушундай иликтөөсү болсо, иликтеңиздер. Мен коррупцияны иликтөө боюнча сиздерге сөз берип кетем. Бир дагы журналисттин коррупцияны аныктап чыккан материалы жөн калбайт», — деп билдирген Жапаров 2020-жылдын 10-октябрда.

Өткөн жылдын 5-ноябрында маалымат жана басма сөз күнүн утурлай Садыр Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, журналисттерди эч ким кемсинтип, куугунтуктабайт деп билдирген. Ал ЖМКны сотко бербесин дагы айткан. Бирок бийлик ЖМКга кысым жасоону улантып жатат — кылмыш иштери козголуп, айрым ЖМКга президент ачык эле сын айтып, журналисттердин соцтүйүндөрдөгү аккаунттарына бузуп бирүү аракеттери болууда.

Митингдерге тыюу салуу

Президент: [Митингдерге] эч ким чектөө койгон жок. Горький паркына барып каалаган күнү каалашыңарча митинг кыла бергиле. Биз жөн гана элчиликтердин алдына барбагыла деп жатабыз. Маданият деген болуш керек да.

Factcheck.kg 1-апрелде борбор калаанын райондук соттору Бишкектин Ички иштер башкармалыгынын тынч чогулуштар тууралуу чыгарган чечимин мыйзамдуу деп тапканын эске салышты. Тыюуга Ала-Тоо аянтындагы расмий иш-чаралар кирбейт.

Конституциянын 39-беренеси ар бир жаранга тынч чогулуштарына эркин чыгуу укугун кепилдейт. 1-апрелде Садыр Жапаров жарандарды элчиликтин алдына митингге чыкпоого чакырган, бирок акцияларды Горький паркында өткөрүүгө уруксат берген. Ал эми 2-апрелде Горький паркына «Путинизмге» каршы митингге чыккандарды кармап кетишкен. Бирок сот иштин баарын жапкан, себеби митингдин катышуучулары мыйзам бузушкан эмес.

Туугандарын жетекчилик кызматтарга дайындоо боюнча

Президент: Митингдерге каршы эмесмин. Чыга беришсин. Бирок мени кулатабыз дегендей, мен ичип-жеп, бир туугандарымды министр, губернатор кылып алган болсом же жакындарым мамлекеттик иштерге аралашып бийлеп алган болсо, анда мени кулатабыз дешсе жарашат эле.

Factcheck.kg басылмасынын журналисттери муну манипуляция дешет. Алар президенттин туугандары жетекчилик кызматтарды аркалап жатканын эске салышты.

2022-жылдын мартында Temirov LIVE’дын иликтөөчү журналисттери президент кудасы Алмазбек Акматовду Эсептөө палатасынын төрагасы кылып дайындаганын аныкташкан.

Temirov LIVE’дын журналисттери президенттин башка кудалары тууралуу да иликтөө жасашкан: Таштанбек Каймазаров, Айдар Адылбеков жана Турусбек Түмөнбаев.

2020-жылдагы октябрь окуясынан кийин Жапаров Каймазаровду Мамлекеттик миграция кызматынын директору, Айдар Адылбековду «Чыгыш электрдин» башчысынын орун басары кылып дайындаган. Ал эми Турусбек Түмөнбаев «Унаа» мамлекеттик ишканасынын директору болгон. Журналисттердин Түмөнбаевдин коррупциялык иштери тууралуу иликтөөсү чыккандан кийин ал кызматтан алынып, бирок жоопко тартылган эмес.

Түмөнбаев менен туугандык байланышы бар экенин президент өзү да 2021-жылы октябрдагы маалымат жыйында тастыктаган. Анда ал Түмөнбаевди «ал боюнча түшүнбөстүктөр болбошу үчүн жөн гана» бошотконун билдирген.Ага чейин президент туугандарын мамлекеттик кызматтарга дайындоого «туура келгенин» билдирген.«5-октябрда өлкөдөгү абал 2010-жылдагы учурга окшош башаламан эле. Ошондой оор убакта мамлекеттеги коррупционерлер сыртка акчасын чыгарып кетпесин деп, кадрдык дайындоолорду өтө шашылыш ишке ашырдык. Өзүм билген адамдарды дароо маанилүү кызматтарга дайындадым. Болжол менен 20дай мамлекеттик кызматкерди дайындагам. Алардын арасында эки кудам да бар экен. Бирок президенттик шайлоо бүткөндөн кийин мен убада кылгандай аким, губернатордон тартып бардык мамлекеттик кызматкерлер ачык конкурстук негизде дайындалат», — деген ал 2020-жылы.

Жапаровду калктын канча пайызы колдойт

Президент: Азырынча элдин 80 пайызы мени колдоп турганын билем. Бул пайыз менин президенттик мөөнөтүмдө көбөйбөсө, азайбайт. Мен азайганга жол бербейм.

Factcheck.kg муну жалган деп эсептейт. Мында журналисттер Эл аралык Республикалык Институттун (IRI) сурамжылоосуна таянышкан. Алгачкы сурамжылоо 2021-жылдын февраль айынын аягы, марттын башында жүргүзүлгөн. Ал убакта Садыр Жапаровго суроого жооп бергендердин 38%ы ишеним арткан, «Эч кимге ишенбейм» варианты 27%ды түзгөн. Изилдөөгө өлкө боюнча 1210 адам катышкан.

Экинчи сурамжылоо 2021-жылдын июлунда жүргүзүлгөн. Ага 1211 кыргызстандык катышкан. Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча Жапаровго суралгандардын 32%ы ишеним көрсөткөн.

Райымбек Матраимов тууралуу

Президент: [Матраимовду] камабадыкпы. Камап, 2 миллард 150 миллион сом акча төктүрдүк. “Элдорадо” деген соода түйүнүн алдык. Элиталуу 10 квартирасын алып, Мамлекеттик ипотека компаниясы аркылуу элге таратып бердик […] Колунда болгон оокатынын баарын, эки миллиарддан ашык акчасын алгандан кийин чыгарып койдук.

Фактчекер журналисттер бул жалган деп эсептешет.

УКМКнын кызматкерлери Матраимовду 2020-жылдын 20-октябрында кармашкан. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Матраимов жана башка кызмат адамдары 2016-жылдан бери мамлекеттик бажы системасында коррупциялык схеманы жолго коюшкан. Анткен менен ошол эле күнү Матраимов үйүнө коё берилгени белгилүү болгон. УКМК экс-бажычы тергөө менен келишим түзүп, 2020-жылдын аягына чейин мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берүүнү убада кылганын билдирген.

Жапаров андан кийин саясий чечим кабыл алганын, ошондуктан Матраимовду бошотушканын айткан. Бирок Матраимов белгиленген мөөнөттө 2 млрд сомду төлөгөнгө жетишкен эмес. Бирок өткөн жылдын декабрында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сом кайтарып бергенин билдирген. Анын чоң бөлүгүн, 1,4 млрд сомду Каржы министрлигинин эсебине которгон, калган сумманын ордуна соода борборун жана тогуз батирин берген.

Бирок «Клооптун» журналисттери, OCCRP, Bellingcat жана «Азаттык радиосу» Матраимов эски үйлөрдөн батирлерди дүңүнөн сатып алып, бюджетке келтирилген зыяндын ордуна 2 млрд сом төлөө жөнүндө тергөө менен келишимге баруу үчүн мамлекеттин карамагына өткөрүп бергенин аныкташкан.

Дагы окуңуз: Өкүм алдындагы базарлык. Матраимов өкмөткө эски батирлерди өткөрүп, өз мүлкүн сактап калдыбы?

2021-жылдын февралында Бишкектин Биринчи май райондук соту Матраимовду коррупцияга айыптуу деп таап, 260 миң сом айып салган. Сот мындай чечимди бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары тергөө менен кызматташууга макул болуп, коррупциялык аракеттерин мойнуна алганы үчүн чыгарган.

«Клооп» менен OCCRP 2021-жылдын 22-апрелинде, өкүмдөн бир нече ай өткөндөн кийин Матраимов Бишкектеги Эркиндик бульварында жайгашкан, чатырында таажысы бар элиталуу үйдөн жаңы пентхаус сатып алганын аныктаган.

Пентхаус канчага алынганы белгисиз, бирок ошол үйдүн алдыңкы кабатындагы аянты 230 чарчы метр болгон ошондой эле батирдин баасы 200 миң доллар турат.

Дагы окуңуз: Иликтөө: 2 млрд сом айыпка жыгылган Матраимов Бишкекте дагы бир пентхаус сатып алды