Акылбек Жапаров Германиядан дарыланып келди

Министрлер кабиненинин төрагасы Акылбек Жапаров Германияда дарыланып бүтүп келди. Маалыматты «Клоопко» минкабдын басма сөз кызматы тастыктады.

Басма сөз кызматтан Жапаров аппараттык жолугушуу өткөргөнүн билдиришти.

Буга чейин өкмөттүн басма сөз кызматынан минкабдын төрагасы 3-майда дарылануу үчүн Германияга кеткенин кабарлашкан.

Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жапаров дарыланып келүүнү ооруп калганга чейин эле пландап жүргөнүн айткан.

Бирок минкабдын төрагасы кайсы Германиянын кайсы шаарына жана кайсы клиникадан дарыланары айтылган эмес.

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров 28-апрелде Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. Анда Жапаровдун жүрөк оорусу жана кан басымынын төмөндөп кеткени айтылган.

29-апрелде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жапаров стресстен улап ооруканага түшкөнүн билдирген.

«Мен эртең менен Жапаровду өзүм көрдүм. Анын оорусу стресстен, чарчоодон болот. Ооруканага түшкөндө инфаркт деп ойлогонбуз. Анализдери чыгып, кароо жүргүзүлгөндөн соң, ал оору четке кагылды. Азыр абалы канааттандырарлык», — деген министр.

Минкабдын басма сөз кызматы 30-апрелде Жапаровдун ден-соолугу жана абалы турукташканын белгилеп, ооруканадан чыкканын маалымдаган. Минкабдын төрагасынын абалы турууктуу экени айтылган.

Өткөн жылдын февраль айында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жүрөгүнө Германияда операция жасалган. Ал эми 28-апрелинде Ташиевдин ден соолугу начарлап Германияга дарыланууга кеткен. Бирок чек-арада ок атышуу башталганда ооруканага жетпей кайра Кыргызстанга келгени айтылган.