Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жогорулап, дээрлик 9,5 млрд метр кубга жетти

«Электр станциялардан» кабарлашкандай, суунун орточо суткалык агып кирүүсү секундуна 1313 метр кубду, чыгым — 245 кубду түздү.

Ал эми 8-апрелге карата суунун көлөмү 7,917 млрд кубду түзгөн болчу.

Мурдараак Энергетика министрлиги 2022-жылдын 1-апрелине чейин Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 млрд метр кубга чейин азаярын болжогон. Суу сактагычка жалпы 19,5 млрд метр куб суу батат, ал эми эң аз дегенде 5 млрд метр куб болушу керек. Мындай минималдуу көлөм «өлүк деңгээл» болуп эсептелет.

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров мартта Токтогул ГЭСине иш сапары менен барып, 1-апрелге карай 8 млрд метр кубдан кем эмес көлөмгө чыгуу тапшырмасын берген.

Кыргызстандын энергетикалык тармагы 2021-жылы эң эле масштабдуу энергетикалык кризиске учурады. Мунун негизги себеби катары бийлик аймактагы суунун тартышыгын атап жатат. Мындан улам «Токтогул» суу сактагычында суу тартыш болууда.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан энергетикалык кризистен 2024-2025-жылдарга барып гана чыгарын айткан.

Кыргызстандагы энергетикалык кризис

Кыргызстандын энергетикалык тармагы 2021-жылы эң эле масштабдуу энергетикалык кризиске учураган. Мунун негизги себеби катары бийлик аймактагы суунун тартышыгын атаган. Мындан улам «Токтогул» суу сактагычында суу тартыш болууда. 2021-жылдын 8-декабрына карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10,8 млрд метр кубду түзгөн. Бул соңку жылдардагы эң эле төмөнкү көрсөткүч.

Тема боюнча: Жазында «Токтогулдагы» суунун көлөмү 7 млрд метр кубга төмөндөй турганы айтылды

Кыргыз бийлиги энергетикалык кризистин шартында күз-кыш жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн электр энергиясын кошуна өлкөлөрдөн импорттой баштаган. Республика Казакстан жана Өзбекстандан электр энергиясын алмашуу жолу менен алса, Түркмөнстандан импорттоп алган. Мындан тышкары, бийлик Орусиядан да электр энергиясын алуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан болчу.

Мындан сырткары, энергокомпаниялар электр энергиясын пайдалануу кубаттуулугуна чектөөлөрдү киргизип, кээ бир райондордо электр жылыткычтарын пломбалаган.

Ошондой эле энергетиктер элди электр энергиясын үнөмдөп, мүмкүн болушунча үйлөрдү көмүр же газ сыяктуу жылытуунун альтернативдүү булактары менен жылытууга чакырып келет. Бирок көмүр учурда былтыркыдан кымбат болууда.

Дагы окуңуз:  Энергетика минстрлиги: Өлкө электр энергиясын быйыл да коңшу мамлекеттерден импорттойт

Свет же нан. Кыргызстанда электр жарыгы тартыш, бирок элдин аны сатып алганга акчасы жок