Болот Темиров: Мени аскердик билетин уурдап алды дешкен киши күбөлүгүн жоготпоптур

Иликтөөчү журналист Болот Темиров аскердик билетин уурдап алган деген киши документти жоготпогонун билдирди. Бул тууралуу Темиров Телеграм каналында айтты.

«Ишти алгач УКМКнын 5-кызматы алып барып жаткан. Оппозицияны жана бийликке жакпагандарды жок кылган кызмат. Кийин алар баарын ИИМге түртө салышкан. Даталары туура эмес, көрсөтмөлөр документерге карама-каршы келет. Мени аскердик билетин уурдап алган деген киши билетин жоготпогонун айтууда», — деп жазган ал.

Ал эми адвокат Замир Жоошев Фейсбук барагында Болот Темировдун иши боюнча аскер комиссариаты тергөөчүлөргө талкууланып жаткан аскердик билет 2001-жылдын 28-августунда альтернативдик кызмат өтөгөн Керимбеков Адылбек Каныбековичке берилгени тууралуу маалыматты бергенин кабарлады.

«Орусияда күбө катары сурак берген Адылбек Керимбеков эч кандай альтернативдик кызмат өтөбөгөнүн, 2001-жылдын 6-декабрынан 2002-жылдын 25-ноябрына чейин Кой-Таш айылындагы аскердик бөлүгүндө милдеттүү аскердик кызмат өтөгөнүн билдирген», — деп жазды Жоошев.

Болот Темировго каршы козголгон кылмыш иштери

Учурда Болот Темировго карата жалпы төрт кылмыш иши козголгон: паспорт жана аскердик билетти мыйзамсыз алуу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана баңги заттарын даярдоо. Кылмыш иштердин бардыгы Temirov Live’дын журналисттери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары мамлекеттик тендерлерге катышып жаткандыгы тууралуу иликтөөлөрүн жарыялагандан кийин козголгон.

Милициядан Темиров башка адамдын аскердик билетин колдонуу жана жасалма убактылуу күбөлүктүн жардамы менен кыргыз паспортун мыйзамсыз алган, журналист өзү Орусиянын жараны деп түшүндүрүшкөн.

«Ал номери башка адамга таандык, номери жасалма аскердик билетин алган», — деп билдришкен анда ИИМден. Ал жактан Темиров кыргыз паспортун 2008-жылдан бери мыйзамсыз колдонуп жүрөт деп ишендиришкен.

Аскердик билет тууралуу версияны президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дагы айтышкан. Алар Темиров аскердик билетти уурдап алган дешкен.

«Болот Темиров Кыргызстанга келип, аскердик билетти уурдап, ага сүрөтүн чаптап, фамилиясын алмаштырып, ошонун жардамы менен кыргыз паспортун мыйзамсыз алган», — деп айтышкан алар.

Темиров бул кылмыш иштерди журналисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка чыгарганы үчүн куугунтук катары баалаган. Адвокаттар журналистке карата козголгон кылмыш иштерин «толугу менен абсурд» деп аташкан.

Буга чейин Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR) жана Жарандык укук коргоочулар (CRD) иликтөөчү журналист Болот Темировго тагылган айыптарды алууну талап кылышкан.

Уюмдагылар аталган кылмыш иштерин «саясий жүйөөлүү» жана «жогорку бийлик бутактарындагы коррупция тууралуу иликтөөлөр үчүн анык эле өч алуу» деп эсептешет.