БШКнын мүчөсү, ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген Акылбек Эшимов акталды

Биринчи май райондук соту Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген Акылбек Эшимовду актады. Бул тууралуу 13-апрелде райондук соттун өкүлү Айзада Момунова «Клоопко» маалымдады.

Райондук соттун билдирүүсүнө ылайык, Эшимовдун иш-аракетинде кылмыштын курамы жок деп табылып, актоо өкүмү чыкты.

Акылбек Эшимов.

2021-жылы Эшимовдун үстүнөн А.Б. аттуу киши арызданып, БШК мүчөсү «Кыргызстан» партиясынын тизмесинин биринчи бештигине киргизүүнү убадалап, 550 миң доллар алганын жазган. Эшимов убадасын партиянын лидери менен сүйлөшүү аркылуу аткармакчы болгон.

2021-жылдын сентярында УКМКнын кызматкерлери Эшимовду алдамчылыкка шектеп кармаган.

«Эшимов менен партиянын лидери алган милдеттенмелерди аткарбай, 550 миң доллардын 300 миңин кайтарып, калган 250 миң долларды берген эмес», — деп билдирген анда УКМК.

*2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы көптөгөн мыйзам бузуулардан улам жокко чыгарылган.

2021-жылы декабрында Эшимов отставкага кетүүгө арыз жазып, бирок январда бул оюнан кайтып, кызматтан кетүү тууралуу арызын кайра чакыртып алган.

2022-жылдын январь айынын башында Бишкектин Биринчи май райондук соту Эшимовду эч жакка кетпөө тил каты менен бошоткон. Андан соң айрым ЖМКда Эшимов БШКда иштеп жатканы тууралуу маалымат чыккан.

Акылбек Эшимов 2016-жылдан бери Боршайкомдун мүчөсү. 2021-жылы БШКнын мүчөлүгүнө Эшимовдун талапкерлигин «Кыргызстан» фракциясы сунуштаган. Ал Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында «Республика» партиясынан депутат болгон.

Тема боюнча:

БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимов эки айга камакка алынды

ЖМК: Алдамчылыкка шектелген БШКнын мүчөсү Бакыт Эшимов ишин улантып жатат