Акыйкатчы милициядан аёосуз сабалган майыптыгы бар аялдын коопсуздугун камсыздоону талап кылды

Акыйкатчы институту күйөөсү аёосуз сабап салган майыптыгы бар караколдук аялдын коопсуздугун камсыздоону талап кылып облустук милицияга жана прокуратурага өтүнмө жолдоду. Бул тууралуу Фейсбук барагында акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирди.

14-майда жабырлануучу денесинен жабыркап ооруканага жеткирилген. Ага коргоо ордери берилип, денесине келтирилген зыяндын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Милиция «Уруп-сабап кыйноо» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Шектүү Каракол шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Арбдрахматова жабырлануучу арыз жазса да, жазбаса да коопсуздугун камсыздоо зарылдыгын баса белгиледи.

«“Нет трупа, нет преступления” — деген страустук позициядан арылыш керек», — деп жазды ал.

Абрахматова Акыйкатчы институтунун кызматкерлери ооруканага барып аялдан кабар алып, ага акысыз жактоочуну издеп жатышканын дагы кошумчалады.

Үй-бүлөлүк зомбулук жана фемицид

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп саналат. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

Ошондой эле, Amnesty International 2021-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук «кең мүнөздүү» болгонун белгилеген. Уюмдун баяндамасында жабыркагандар кол салгандардан экономикалык жактан көз каранды болгондуктан жана кепке калуудан корккондуктан милицияга көп деле кайрылышкан эместиги айтылган.

Кыргызстанда майыптыгы бар аялдар эки эсе аялуу. Өлкөдө эң аз дегенде 197 миң кишинин майыптыгы бар.

«Майыптыгы бар кыздар дискриминацияга эки эсе туш болушат. Биринчиден ал аял болгону үчүн, экинчиден ал майып болгону үчүн. Алар зордуктоо болгон учурда алсыз болушат», — деп белгилеген Майыптыгы бар адамдардын «Теңдик» коомдук уюму бирикмесинин башчысы Гүлмира Казакунова.

2022-жылдын февралында кыргыз ИИМи өткөн жылы 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталганын билдирген.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга коргоо ордери берилет. Ал үч күндүк убакытка берилет, бирок аны 30 күнгө узартып алса болот.

Үй-бүлөлүк зомбулук жасаганы үчүн убактылуу коргоо ордерин алган адам анда көрсөтүлгөн бардык шарттарды сактоого милдеттүү. Убактылуу коргоо ордеринин шарттары аткарылбаса кылмыш жообуна тартылат жана анын колдонулушун токтотпойт.

Бирок, чындыгында, бул ордерлер дайыма эле ойдогудай иштей бербейт. Милиция аны адвокаттардын коштомо катысыз бербейт, ал эми ордердин өзүн үч күндөн кийин узартуу керек. Мындан тышкары, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын баары эле коргоо ордеринен кабардар эмес.

Үй-бүлөдөгү кол салуучуну реалдуу мөөнөткө соттотуу абдан кыйын — кылмыш иштеринин көбү административдик жоопкерчилик катары каралып калат, ал жерде күнөөкөр адам айып пул төлөп же административдик иштерге тартылып жазадан кутулуп кете алат. Ошол эле кезде жазага тартылбасын билип, үй-бүлөдө зомбулугун уланта берет.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогуш жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Сиз же сиздин жакындарыңыз зордук-зомбулукка кабылган учурда кайрыла турган кризистик борборлордун даректери жана телефон номерлери:

  • «Шанс» кризистик борбору — Бишкек, Чуй проспекти, 207, 509 батир, телефон: 0709710320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү, 3, телефон: 0312512640;
  • ОО «Энсан — Диамонд» — Ош, Ленин көчөсү, 205/105, телефон: 0772328960, 0322222965;
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош облусу, Гүлчө айылы, Набережная көчөсү, 1, телефондор: 0555281423, 0776281423;
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 205, телефондор: 0776380777, 0322255608;
  • «Ак журок» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 205, телефондор: 0550231329, 0322245976;
  • ОО «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 312/23, телефон: 0773843461;
  • НПО «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү, 31/3, телефондор: 0700257890, 0352250270, 03522295047;
  • «Аялзат» коомдук фондунун алдындагы «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү, 274/2, телефондор: 0557484713, 0342255885;
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү, 3, телефон: 0777393077;
  • «Каниет» кризистик борбору — Джалал-Абад, Б.Осмонов көчөсү, 113, телефон: 0372255084;
  • ОО «Аялзат — развитие женских инициатив» — Каракол, Абдрахманов көчөсү, 105-14, телефондор: 0392251091, 0553835717;
  • «Алтынай» кризистик борбору, Чолпон-Ата — 0709694550;
  • «Мээрман» кризистик борбору, Каракол — 0706383637;
  • Аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору «Химая», Каракол — 0702223535, 0551733390.

Тема боюнча окуңуз: «Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

«Сен эч нерсеге татыбайсың!». Зомбулукка кабылган кыргызстандык үч майып аялдын окуясы