Кумтөр кирешесинин бир бөлүгүн Нарын облусун өнүктүрүү фондуна которуп турат

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров «Кумтөр Голд Компаниге» дүң кирешесинин 0,6%ын ай сайын Нарын облусун өнүктүрүү фондуна которуп туруу сунушталган документке кол койду. Минкабдын басма-сөз кызматынын маалыматына ылайык, чечим Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Министрлер кабинетинен такташкандай, фонддун эсеби Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында ачылган. Маалыматка ылайык, каражаттардын максаттуу пайдаланылышын Нарын облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңеши көзөмөлдөйт.

2021-жылдын июнунда Садыр Жапаров Кумтөр кенине барган. Анда өлкө башчысы «Кумтөр Голд Компанинин» эсебинен Нарын облусун өнүктүрүү фонду түзүү чечими кабыл алынганын айткан. Бирок ал убакта президент фонддун каражаты кандай максаттарга жумшаларын, үстүнөн көзөмөл кандай жүргүзүлөрүн айткан эмес.

Мурда «Кумтөрдөн» түшкөн акча Ысык-Көл олусун өнүктүрүү фондуна түшүп турчу. Бирок, Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, беш жылда ал жактан кеминде 150 млн сом уурдалып жок кылынган.

«Кумтөр» толугу менен Кыргызстанга кайтарылды

Президент Садыр Жапаров 4-апрелдеги кайрылуусунда «Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылганын» жарыялаган. Бул Кыргызстан Канаданын «Центерра Голд Инк» компаниясы менен расмий «ажырашканын» айгинелейт.

Кийин «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк келишимге президент Садыр Жапаровдун саясий эркинин арты менен кол коюлганын билдирген.

Ошондой эле Бөлтүрүк Centerra эски коррупциялык схемалары менен байланыштарын ортого салууга, ошондой эле «биздин имиджге таасир этүүгө аракет кылганын, бирок биз аягына чейин барып, саясий эркибизди көрсөттүк» деп белгилеген.

Бөлтүрүктүн айтымында, бозгун президент Аскар Акаевдин «Кумтөрдөгү» коррупциялык схемаларга өзү, уулу жана туугандары аралашканын моюнга алганы дагы иштин жыйынтыгына таасир эткен.

Centerra Gold өзүнүн «туундуу» компаниясы «Кумтөр Голд Компани» аркылуу Борбор Азиядагы ири кен деп эсептелген Кумтөрдү иштетип келген. Кыргызстан Centerra Gold’дун акциясынын 26%на ээлик кылып келген жана компаниянын акцияларынын ири кармоочусу болуп эсептелчү.

17-майда кыргыз бийлиги «Кумтөргө» сырткы башкаруу киргизип, Теңгиз Бөлтүрүктү башчы кылып дайындаган. Ага чейин Бишкектин Октябрь райондук соту «Центерраны» Лысый жана Давыдов мөңгүсүнө калдыктарды мыйзамсыз төккөнү үчүн мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар төлөп берүүгө милдеттендирген. Кийин Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамкомиссия «Центеррадан» экологиялык зыян үчүн буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Канадалык компания кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген болчу.

Дагы окуңуз:

«Кумтөрдүн» тагдыры Кыргызстандын колунда. «Центерра» менен макулдашуунун оош-кыйышы

Лондон бирикмеси «Кыргызалтынга» ишенимдүү жеткирүүчү макамын кайтарып берди