«Жасалма диплом». Пригородный айыл аймагынын башкы адиси пара берип жатканда кармалды

Кармалган шектүү. Сүрөт: УКМК

Аламүдүн районунун Пригородный айыл аймагынын башкы адиси жасалма диплом алганын жашыруу үчүн 160 миң сом пара берип жатканда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, буга чейин УКМКнын кызматкерлери Пригородный айыл аймагынын кирешелер боюнча башкы адиси жасалма диплом колдонуп келгенин аныктаган. Кийинчерээк шектүү текшерүүнү токтотуу үчүн атайын кызматтын өкүлдөрүнө 160 миң сом сунуштаганы айтылыт.

Шектүү райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүргүп жатат.

Буга чейин атайын кызмат мамлекеттик мекемелерде иштеген 96 кызматкер жасалма диплом колдонууга шектелип жатканын билдирген. Текшерүүнүн негизинде 40 адам өз каалоосу менен жумуштан кетип, жергиликтүү кеңештин эки депутаты мандатын тапшырган.

Мамлекеттик кызматкерлердин дипломун текшерүү

Буга чейин УКМК президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин дипломдорун жана алардын кош жарандыгы бар-жогун текшерип баштаган. Текшерүү үстүбүздөгү жылдын 24-январында башталган, ал үч айга созулат.

Атайын кызмат, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин жана депутаттардын жасалма диплом алганы аныкталса, ээлеген кызматын өз ыктыяры менен бошотуп берүү маселеси караларын эскерткен.

Ошондой эле, ведомство жасалма диплом менен кызматка келгендер тууралуу коомчулукка маалымат берип турууну убадалаган.

Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында УКМК Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын полковниги менен Эсеп палатасынын аудиторунун дипломдорун иликтей баштаган. УКМК алар «жасалма диплом менен иштеп келген» деп шектеген.

Ага чейин, бир нече саясатчы «мыйзамсыз диплом алууга» айыпталып, айрымдарына кылмыш иши козголгон. Алардын арасында депутаттык мандатынан ажыратылган «Бүтүн Кыргызстандын» өкүлү Орозайым Нарматова, мурдагы депутат Рыскелди Момбеков жана парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан талапкерлигин койгон Кыянбек Сатыбалдиев дагы бар.

Тема боюнча:

Диплом текшерүү: Кочкордо мугалим прокуратурага сурак бергенден кийин өз жанын кыйды

УКМК 100гө жакын мамкызматкер жасалма диплом колдонууга шектелип жатканын билдирди