«Казинону колдогондор — чыккынчылар». Ошто казиного каршы акция өттү

Сүрөт: Kloop

30-майда Ош шаарынын борбордук аянтында казиного каршы тынчтык митинги өттү. Ага 100гө жакын адам катышты.

Митингди Алманбет Абылкасым уулу баштаган калаанын активисттери уюштурду. Акцияга чыккандар өлкө боюнча казинолорду ачпоону талап кылып, президент Садыр Жапаровго кайрылышты. Алар «казинону колдогондорду — чыккынчылар» деп аташты.

«Биз буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылдык. Бирок натыйжа чыккан жок. Андыктан, өзүңүз көзөмөлгө алып, кумаркана, казино маселесин токтотуп бериңиз. 2011-жылы ушул маселени энелер Ала-Тоо аянтына чыгып, көз жашын төгүп токтотушкан», — деди активист Алманбет Абылкасым уулу.

Тынчтык митингине катышкан аялдардын бири «казино азабын эң көп энелер, аялзаты тартат» деп белгиледи.

«Казино деген бул арамдан келген нерсе болот. Арам, арамды чакырат. Биздин арам жеп чоңойгон балдарыбыз мерез болуп чоңоёт, биз ошону каалайбызбы? Жок, энелер эч качан аны каалабайт. Оштогу энелердин, бүткүл энелердин атынан айтат элем. Биз казиного каршыбыз!» — деди ал.

Митингге чыккандар «Кыргызстан казиного каршы», «Ош казиного каршы» деген транспаранттарды көтөрүп турушту. Катышуучулар өлкө башчы Садыр Жапаровго үч талап коюшту.

Алар:

  • Кумаркана ачуу боюнча мыйзам долбоорун артка кайтаруу, президенттик мөөнөтү бүткөнчө казино маселесин көтөрбөө;
  • Бинардык опциондорду да жабуу. Онлайн букмекерлерди, онлайн казинолорду Кыргызстандын аймагында иштетпөө жана кылдаттык менен көзөмөлдөө;
  • Алардын айтымында, Оштун аймагында «көмүскө казинолор» бар. Аларды да жаап, катуу көзөмөлдөө.

Жогорку Кеңештин 11-майдагы жыйынында депутаттар оюн автоматтары жана букмекердик залдарды ачууну шарттаган «Оюн-зоок иши» жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулап, биринчи окууда жактырышкан.

Отурумга расмий түрдө 69 депутат катталган. Долбоорун кабыл алууда алардын 56сы «макул», ал эми 13ү «каршы» добуш беришкен.

Кумарканаларды ачуу демилгеси

2021-жылдын 27-апрелинде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын бардык аймактарында — ири шаарлар менен облустун борборлоруна казино ачууну демилгелеген.

Ал убакта Жапаров кумар оюндары бюджетке «миллиарддаган» киреше алып келерин белгилеп, минкаб ар бир оюн столу үчүн гана салык албастан, казино ишмердигин жүргүзүү үчүн 1- 1,5 млн долларга лицензия сатаарын кошумчалаган.

Экономика жана коммерция министрлиги «Оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып, 28-мартта коомдук талкууга алып чыккан. Долбоорго ылайык, ведомство казино, тотализатор, букмекердик контора жана залдардын, ошондой эле оюн автоматтарынын ишмердүүлүгүн кайрадан мыйзамдаштырууну көздөйт.

Экономика министрлиги бул мыйзам долбоорун «кечиктирилгис» катары — кезексиз тартипте дароо үч окуудан кароону сунуштаган.

Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандын жарандары менен ошондой эле аракетке жөндөмсүз же 21 жашка толо электер кумарканалардын кардары боло албайт.

Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров 2001-жылы өлкө бюджетине казино жана кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнөн 630 миллион сом түшкөнүн, бул жолу аталган сумма төрт эсе көп болот деп күтүлүп жатканын айтып берген.

Авторлошу: Айбике Адилет кызы

ТЕМА БОЮНЧА:

«Эл деген сел болот». Ак үйдүн алдында казино ачууга каршы митинг өттү

«Казино, арам, президент». Ысык-Көлдө кумаркана ачуу мыйзам долбоору талаш жаратты

Муфтият депутаттарды саясий упай топтоо үчүн Куранды бурмалабоого чакырды