«Күнөөнү мойнума албайм». Журналист Болот Темировдун иши боюнча биринчи отурум өттү

21-июнда Бишкектин Свердлов райондук сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши боюнча биринчи отурум өттү. Темировго карата төрт кылмыш иши козголгон —паспорт жана аскердик билетти мыйзамсыз алуу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана баңгизаттарды даярдоо.

Отурумда мамлекеттик айыптоочу Темировду айыптоо актысын окуп берди. Журналист бир дагы эпизод боюнча айыпты мойнуна албай турганын билдирди. Ал бул иштер «фальсификацияланган жана ойдон чыгарылган» деп эсептейт.

«Мен тагылып жаткан бир дагы эпизод боюнча күнөөнү мойнума албайм [...] Эртеби-кечпи бул фальсификацияларга, мыйзамсыз айыптоолорго байланышы барлар тиешелүү жазасын алат деп ишенем», — деди Болот Темиров.

Ошондой эле отурумдун жүрүшүндө адвокат Раззак Ашымбаев кылмыш ишинин жашыруун материалдары менен таанышуу тууралуу өтүнүч келтирди. Буга чейин Темиров Бишкектин прокуратурасы анын ишин сотко өткөрүп жатканда жашыруун материалдар пайда болгонун айткан.

«Кылмыш-процессуалдык кодекстин 253-беренесине ылайык, айыпталуучу жана жактоочу иштин материалдары менен толук таанышканга укуктуу […] Тилекке каршы, кылмыш ишинин материалдары менен танышуу учурунда [жашыруун материалдар менен] таанышкан эмеспиз […] коргонуубуз натыйжалуу болушу үчүн кылмыш иштин материалында эмнелер камтылганын билишибиз керек», — деп түшүндүрдү Ашымбаев «Клоопко» курган маегинде.

Судья өтүнмө келтирүү маселесин 24-июнга белгиленген кийинки отурумга чейин ачык калтырды. Анда мамлекеттик айыптоочулар тараптан күбөлөр суралат.

Темировго козголгон кылмыш иштери

Кылмыш иштеринин баары Temirov Live’дын журналисттери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары мамлекеттик тендерлерге катышып жатканы тууралуу иликтөө жарыялагандан кийин козголгон.

Темиров бул кылмыш иштерди журналисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка чыгарганы үчүн куугунтук катары баалаган. Адвокаттар журналистке карата козголгон кылмыш иштерин «толугу менен абсурд» деп аташкан.

Буга чейин адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR) жана Жарандык укук коргоочулар (CRD) бийликтен иликтөөчү журналист Болот Темировго карата тагылган айыптарды алууга чакырышкан.

Уюмдагылар Темировго карата кылмыш иштер «саясий мүнөзгө ээ» жана «жогорку бийлик бутактарындагы коррупция тууралуу иликтөөлөр үчүн анык эле өч алуу» деп билдиришкен.

Дагы окуңуз: Temirov Live’дын журналисти кимдир бирөө үйүнүн жанына белгисиз зат таштап кеткенин кабарлады

Аңдуулар жана шантаж. Журналист Болот Темировго карата чабуул кандайча уюшулган?

Сот Болот Темировдун негизсиз далилдерди жокко чыгаруу өтүнүчүн канааттандырган жок

Кыргызстанда ЖМКга карата басым күчөп жатат