Политолог Казакпаев менен банкир Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссияны Байсалов жетектейт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов саясат талдоочу Марат Казакбаев менен «Айыл Банктын» башчысынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтей турган комиссияны жетектейт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, комиссиянын курамына Казакпаев менен Асанбаевдин жакындары, акыйкатчы Атыр Абдрахматова, Жогорку Кеңештин жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү да кирген.

Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмүн иликтей турган комиссия президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 18-июнда түзүлгөн. Өлкө башчысынын администрациясынын маалыматына ылайык, жумушчу комиссия кармалгандардын УКМКнын тергөө абагында каза табышын бейтарап жана объективдүү изилдөө үчүн түзүлгөн.

УКМКнын ТИЗОсундагы өлүм

Саясат талдоочу Марат Казакпаев 10-июнда каза болгон. Андан бир күн мурда ал инсульт алып, мээсине кан куюулуп кеткен. Дароо УКМКнын ТИЗОсунан Шаардык клиникалык №1 ооруканага жеткирилип ИВЛ аппаратына кошулган. Казакбаев убактылуу кармоочу жайда бир жылдан ашык жаткан — ал 2021-жылдын 13-апрелинде мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалган.

Казакпаев каза болгондон кийин УКМКдан ал «ТИЗОдо отурганда дарыгерлердин кароосунда болуп, алар сунуштаган дары-дармектерди ичип турганын жана абалы канааттандырарлык деп бааланып келгенин» белгилешкен.

Бирок Казакбаевдин жесири УКМКнын кызматкерлери күйөөсүн коркутуп, кыйноого алганын билдирген.

Акыйкатчы институту 13-июнда Казакбаевдин өлүмүн иликтеп чыгуу үчүн коомдук комиссия түзгөн.

Ал эми УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Казакбаевдин өлүмүнө бийликтин эч кандай тиешеси жок деп билдирген. Ал саясат талдоочунун жакындарынын маркум УКМКнын ТИЗОсунда кыйноого алынганы тууралуу билдирүүлөрүн «жалган» деп атаган. Ташиев УКМКнын ТИЗОсунда кыйноо «эч качан болгон эмес, болбойт дагы» деп белгилеген.

«Керек болсо сот камакка алуу чечимин чыгаркан кезде да мурдагы жогорку даражалуу адамдар, бардык ишкерлер жана мурдагы мамлекеттик кызматкерлер биздин ТИЗОго деп суранышат. Анткени бул жакта эч ким эч качан басым кылбайт. Убактылуу кармоочу жайдын ичиндеги жана тышындагы коридорлорго камералар коюлган. Алар баарын тартып турат», — деп айткан ал.

18-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу тергөө абагында «Айыл Банк» төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев асынган абалда табылган. Ал 2022-жылдын 30-апрелинен бери коррупция ишине байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде ТИЗОдо камакта болчу.

«Жуунучу бөлмөлөрү жалпы болгондуктан камералардын эшиктери дайыма ачык болгон, бирок камералардын коридору өзүнчө тор менен тосулган. А.Б.Р. өз жанын кыйган учурда жанындагы айыпталуучулар башка камерада намаз окуп жатышкан, алар дагы А.Б.Р. өз өмүрүнө кол салганда убагында алдын ала алышкан эмес», — деп белгилешкен комитеттен.

Мекемеден Асанбаев ТИЗОдо камалып турган аралыкта «эч кандай өзүн-өзү өлтүрүү аракети, жүрүм-турумунда өзгөчөлүктөр байкалбаганын» кошумчалашкан.

Бакыт Асанбаевдин туугандары ал өз жанын кыймак эмес дешкен. Алар сөөктү ачканда кабыргасы, акырек сөөгү сынганын жана чыканагында көк ала тактар аныкталганын айтышкан.

Ал эми Башкы прокуратурадан аталган факты боюнча Аскер прокуратурасы иликтөө баштаганын маалымдаган.

Саясат талдоочу Марат Казакпаев менен банк кызматкери Бакыт Асанбаевдин УКМКнын ТИЗОсунда каза табышы коомду дүрбөлөңгө салып, бийликке, анын ичинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге карата сындарга себеп болгон.

Тема боюнча окуңуз: Токтакунов: «Бийлик» абакта көз жумган Асанбаевдин өлүмүнө тиешеси жок экенин далилдеши керек