Адахан Мадумаров Кемпир-Абаддын тагдыры боюнча расмий маалымат берүүнү талап кылды

Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе көтөрдү.

Депутат тынчсызданган жүздөгөн тургун ага суу сактагычтын тагдыры тууралуу расмий маалымат берүүнү суранып кат менен кайрылганын айтты.

«“Кемпир-Абаддын тегерегинде ар кандай иштер жүрүп жатат. Кошуна мамлекет иш-аракеттерин жүргүзүп жатат, биз кабатырланып жатабыз. Бул кандай болуп чечилген, бүгүнкү күнгө чейин жообу жок, кээ бир жерлерде анча-мынча казыктар кагылып кеткен сыяктанып жатат” деген чочулоолорун [айтып] жүздөгөн кишилер кол коюп жиберген», — деди эл өкүлү.

Мадумаров тиешелүү кишилер бул маселе боюнча парламентке келип жооп бериши керектигин эске салды.

Кемпир-Абад чуусу, элдин нааразычылыгы

Жер берүүгө каршы болуп, суу сактагычтын жанына чогулган тургундар. Сүрөт: Kloop

Өткөн жылдын март айында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жетектеген өкмөттүк делегация Өзбекстандын Ташкент шаарында чек араны тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Кайтып келгенден кийин Ташиев Өзгөн районунда жергиликтүү эл менен жолугушкан. Анда ал Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасынан 100 гектар жерди сураганын айтып, бирок Кыргызстан 50 гектарын берүүгө макулдашылганын билдирген.

Мындан сыткары, Кемпир-Абад суу сактагычынын плотинасы Өзбекстанга алмашыла турганын белгилеген. Ал бул чечимди «туура» деп айтып, суунун деңгээли түшкөндөн кийин жергиликтүү турак жайларды «суу каптабай калат» деген.

Бирок Кара-Суунун Ынтымак айылынын тургундары жер стратегиялык мааниге ээ экенин айтышып, аны берүүгө каршы болушкан, Кемпир-Абаддын жанына боз үй тигип, Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышкан.

19-апрелде Ташиев тургундар менен жолугуп, «эң пайдалуу келишим түзүдү» деп айткан. Ошондой эле протокол кабыл алынса «чек арада чыр-чатак болбойт» деп ишендирген.

Атайын кызматтын башчысы нааразычылык акциясын уюштургандарды «чагымчылдар» деп аткап, ал тургай алардын аты-жөнүн билерин айтып коркуткан.

УКМКнын төрагасы жолугушууда тургундардын нааразычылыгынан улам Өзбекстанга барып протоколду кайрадан каратып, 50 гектардын ордуна 20 гектар жерди алмашууга аракет кыларын убада кылган.

Ал эми 25-апрелде Камчыбек Ташиев Өзгөн районунда Оштун тургандары менен жолугушкан. Жолугушууга ар башка аймактан жүздөгөн адам катышып, суу сактагычтын плотинасын жана анын айланасындагы жерди Өзбекстанга бербөөнү талап кылышкан. Наарызчылыкардын шартында Ташиев «Кемпир-Абадды бербейбиз» деп ишендирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Кайсыл жерде иштеримди билесиңер». Кемпир-Абад маселеси боюнча жолугушуу кандай өттү?

Ташиев: «Кемпир-Абадды» бербейбиз дедиңерби, бербейбиз, болду!