Атамбаев Орусия президентинин иш башкармалыгынын ооруканасына дарыланууга чакыртылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Орусия президентинин иш башкармалыгынын ооруканасына дарыланууга чакыртылды. Бул тууралуу маалыматты «Клоопко» Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев тастыктады.

«Алмазбек Атамбаев Биринчи май райондук сотунун уруксаты менен Улуттук кордиология жана терапия борборунда медициналык кароодон өтүп жаткан. Дарыгерлер лазердик эндоскопия өткөрүү керек деген дагы бүтүм чыгарышты. Алар биздин өлкөдө андай мүмкүнчүлүк жоктугун белгилешти. Бул аны чет өлкөдөн өтүү керек деген сөз. Атамбаевге чакырууну ал 2016-жылы текшерүүдөн өткөн клиника жиберди», — деди Жоошев.

Алмазбек Атамбаевге берилген маалымкат

Адвокат Атамбаевге операция дагы жасалышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Жоошев Атамбаевге Москвада үч айга жакын дарыланып келүүгө уруксат алуу үчүн Жаза аткаруу кызматына (ЖАК) өтүнүч менен кайрыла турганын дагы айтты.

«Андан кийин жазасын өтөөнү улантуу үчүн кайтып келет. Биз өтүнүчтү тек гана ЖАКка беребиз, анткени Атамбаев бир эле, Батукаевдин иши боюнча гана колонияда кармалууда, ал эми башка, сотто баш коргоо чарасы кабыл алына элек иштер боюнча, судья аларды Атамбаевдин катышуусусуз эле кароону чечти», — деп жыйынтыктады Жоошев.

Атамбаевге карата козголгон кылмыш иштери

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бир нече жылдан бери камакта. Ага карата бир нече кылмыш иши козголгон, алардын көпчүлүгү бийликти өз колу менен өткөрүп берген үзөңгүлөшү Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин тушунда ачылган.

Атамбаевге акыркы жолу 2016-жылы «10 түрк жаранына Кыргызстандын паспортторун мыйзамсыз бергени» үчүн иш козголгон.

Алмазбек Атамбаевге карата жалпы жети кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен үч иш боюнча акталды.

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган. Учурда Атамбаевге карата үч иш сотто каралып жатат: 2019-жылы болгон Кой-Таш окуясы, борбордук ЖЭБди модернизациялоо жана Кой-Таш айылындагы жер тилкесине байланыштуу иштер.

Атамбаев өзүнө козголгон кылмыш иштерин саясий куугунтук деп баалап, аларды «ойдон чыгарылган» деп атаган.

Алмазбек Атамбаев 2019-жылдан бери камакта. Учурда ал №27 түзөтүү абагында. Анын тарапташтары Атамбаевдин ден соолугунда олуттуу көйгөйлөрү бар экенин айтып келишет. Бийлик болсомурдагы президентке «абак ичинде бериле турган шарттын баары түзүлгөнүн» айтат.