«Кызматына кайтсын». Бишкекте Алымкадыр Бейшеналиевдин тарапташтары митингге чыгышты

25-августта Бишкекте саламаттык сактоо министрлигинин имаратынын алдына мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиевдин тарапташтары митингге чыгышты. Алар Бейшеналиевди кайрадан министрлик кызматка дайындоону талап кылышууда.

Акциянын катышуучулары «Бейшеналиевди колдойбуз», «Алымкадыр агай саламаттык сактоо министрлигине татыктуу», «Бейшеналиев кызматына келиши керек!» деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп турушту.

Митингге чыккандар Бейшеналиевди «себепсиз камаганы үчүн Башкы прокурор Курманкул Зулушев жоопко тартылсын» деп белгилешти.

«Бейшеналиев келгенде абдан чоң реформа жүрүп жаткан. Анын ордуна Касымбеков [Жаркынбек] дегени келип, Бейшеналиев жапкан мекемелерин кайра ачып салды. Муну кандай түшүнсөк болот? Саламаттык сактоо тармагында “реформа жүргүзөбүз” деп коюп, эч нерсе өзгөргөн жок. Ушул тармакка Алымкадыр Бейшеналиевдин келиши абдан маанилүү [...]. Бул кишини куугунтуктап, камап, кызматка алып келбей жатышат», — деди митингчилердин бири.

Ошондой эле Бейшеналиевдин тарапташтары президент Садыр Жапаровго кайрылып, элдин талабын укпай жатканын айтып нааразы болушту.

«Элдин талабын аткарбай жатасыз. Алымкадыр Бейшеналиев соттон акталып чыккандан кийин (Бейшеналиевге козголгон кылмыш иштерин ИИМ токтоткон - ред.) кызматына барыш керек болчу. Биз ушуну каалайбыз», — деди нааразычылык акцияга катышкандардын бири.

Бейшеналиевдин кызматтан алынышы

Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда «коррупцияга» шектелип кармалган. Башкы прокуратура чиновникке карата жети кылмыш ишин козгогон.

Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, бир кылмыш иши «Коррупция» беренеси боюнча, экөө «Опузалап пара алуу», төртөө «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Билип туруп пайдасыз контракт түзүү» беренелери боюнча козголгон.

Бейшеналиев коррупцияга жана COVID-19га каршы күрөшүү үчүн вакцина сатып алууда мамлекеттик бюджетке 1,5 млрд сом зыян келтирүүгө шектелген.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетип, Жаркынбек Касымбековду министрдин милдетин убактылуу аткаруучу кылып дайындаган.

Кармалгандан кийин Бейшеналиев УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген. Бирок 16-июнда сот аткаминерди үй-камагына чыгарган. 16-августта ага козголгон кылмыш иштери токтотулган. Ал эми 19-августта президент Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри кызматынан бошоткон.

Көп өтпөй 21-августта Бейшеналиев Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» ден соолукту калыбына келтирүү борборунун директору болуп дайындалганы айтылган. Тиешелүү буйрукка саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков кол койгон.

Ал эми 23-августта саламаттык министринин милдетин аткаруучу болуп Гүлнара Баатырова дайындалган. Анын саламаттык сактоо министри кызматына талапкерлиги макулдашуу үчүн Жогорку Кеңешке киргизилмей болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президент Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан бошотту

ИИМ Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш ишин токтотту — адвокат

Алымкадыр Бейшеналиевге жети берене менен кылмыш иши козголду