Элчилик: Бир айда Орусиядан жалпы 31 кыргызстандыктын сөөгү өлкөгө алынып келинди

Үстүбүздөгү жылдын август айында Орусиянын аймагында ар кандай шартта каза болгон 31 кыргызстандыктын сөөгү өлкөгө алынып келинди. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бир айлык отчётунда билдирди.

Элчиликтин маалыматына ылайык, өткөн айда дипломатиялык мекеменин көмөгү менен кыргызстандык мигранттардын 2 миллион 947 миң 725 рубль эмгек акысы төлөтүлүп берилген.

Ошондой эле 29 кыргызстандык камактан бошотулган — алардын көпчүлүгү Орусиянын миграциялык мыйзамын бузгандар.

«Элчилик август айында кыргыз жарандарынын катышуусунда окуя болгон 45 жерге барды. Мурманск облусундагы мекендештерге көчмө консулдук кызматтар көрсөтүлдү. Кыргыз диаспорасы менен 17 жолугушуу өтүп, 9 348 адамга онлайн консультация берилди», — деп белгилешти элчиликтен.

Орусиядагы элчилик кыргызстандыктарга 8 миң 513 консулдук кызмат көрсөтүлүп, 11 миң 597 консулдук иш жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

Үстүбүздөгү жылдын 21-августунда Орусиянын Ульяновск облусундагы чоң жол кырсыгынан 14 кыргызстандык каза болгон. Алардын сөөгү атайын учак менен өлкөгө алып келинген. Жол кырсыктан каза тапкандардын үй-бүлөсүнө 300 миң сомдон берилген.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылга карата Орусияга жалпысынан 1 миллион 639 миң 28 кыргызстандык кирген. Анын 884 миң 133ү жумушка орношуу максатында келишкен.

Тема боюнча:

Алтын Капалова: Кыргыз мигранттарынын өлүмү чиновниктердин абийиринде

Орусиядагы авария: 14 адамдын сөөгү өлкөгө атайын борт менен алынып келинет