ИИМ: Кадамжайдагы өспүрүмдүн киши колдуу болуусуна милиция кызматкерлеринин тиешеси жок

Баткен облусунун Кадамжай районунда 14 жаштагы кыздын өлтүрүлүшүнө милиция кызматкерлеринин тиешеси жок деп ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтин маалыматына ылайык, интернеттин кыргыз сегментинде өспүрүмдү өлтүрүүгө шектелип кармалгандар милиция кызматкерлери деген «жалган маалымат» тараган. ИИМден бул маалымат чындыкка дал келбей турганын белгилешти.

«Бул иштин калыс тергелиши Баткен ОИИБдин жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө», — деп кошумчалашты министрликтен.

14 жаштагы кыздын киши колдуу болушу

Өспүрүм кыздын киши колдуу болгону 5-сентябрда белгилүү болгон.

Анда милициядан 4-сентябрь күнү Ош — Раззаков автожолунун 146-чакырымында Ноогардан айылынындагы селди буруп кетүүчү тоннелдин ичинде белгисиз кыздын сөөгү табылганын билдиришкен.

Жерине келген милиция кызматкерлери кыздын колдору артына байланганын, мойнунда жип менен муунтудан калган издер бар экенин аныкташкан.

Аталган факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 5-сентябрда кылмышка шектелип Кадамжай районунун 1995, 1997 жана 1998-жылкы үч тургуну кармалган. Шектүүлөр убактылуу кармоо изоляторуна киргизилген.

Милициядан шектүүлөрдүн биринин унаасында далилдер табылып, унаасы буюм далил катары алынганын кошумчалашкан. Тергөө уланууда.

Тема боюнча окуңуз: Эки милиция кызматкери 13 жашар кызды бир жылга жакын зордуктап жүргөн деп айыпталууда

«Милициянын арасында да айбандар бар». Акылбек Жапаров 13 жашар кыздын окуясы боюнча үн катты

«Жумуштан сырткары убакта болгон». Бийлик 13 жашар кыздын окуясына кандай реакция кылган?