Экс-премьер министр Абылгазиев өзүнө козголгон кылмыш иши токтотулганын айтты

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнө козголгон кылмыш иши токтотулганын билдирди. Бул тууралуу ал журналисттерге 8-сентябда, Дача СУ иши боюнча комиссиянын отурумунан кийин билдирди.

Абылгазиев иш 2021-жылдын август айында, кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу иш токтотулганын айтты.

26-августта Дача СУ айылындагы авиакырсыктын себептерин иликтөө боюнча коомдук комиссиянын башчысы Алмамбет Шыкмаматов кийинки отурумга Мухаммедкалый Абылгазиев чакырыларын билдирген. Ал мурдагы премьер-министрдин жабырлануучуларга деп чогултулган акчанын бюджетке келип түшүүсү боюнча маалыматы угуларын белгилеген.

Бирок Абылгазиев бул маалыматты четке каккан. Ал «бул каражаттын бир тыйыны да бюджетке которулган эмес, кырсыктан кийин аэропорттун чыгымдарына жана ӨКМдин муктаждыктарына бюджеттен акча бөлүнгөн» деп билдирген.

Абылгазиевге козголгон кылмыш иши

Абылгазиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 26-январда кармалып, эки күндөн кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту эки айга камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Мурдагы өкмөт башчыга «Кумтөр» ишине байланыштуу мыйзамсыз баюу жана коррупция беренелери боюнча айып тагылган. 17-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев «Кумтор Голд Компани» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берген Абылгазиевдин өкмөтүнүн коррупциялык фактылары иликтенип жатканын билдирген.

УКМК Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда, өзүнүн активдерин мыйзамсыз көбөйтүп, аларды мыйзамдаштыруу үчүн кымбат баалуу мүлк сатып алган деп билдирген. Мындан сырткары, атайын кызмат экс-премьер көп кабаттуу үйлөрдү куруу тармагына каржы салып, кылмыш жообуна тартылбаш үчүн бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгону айтылган.

2021-жылдын августтунда Абылгазиев тергөө мөөнөтү аяктаганча — мамлекетке 50 млн сом төгүп үй камагына чыккан.

Жогорку сот Башкы прокуратура мурдагы премьер-министрдин баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылганын билдирген. Муну көзөмөл органы Абылгазиевдин ден соолугу начарлап кеткени жана чыгымды төлөп бергени менен негиздеген болчу.

Абылгазиев 2018-жылдын апрель айында премьер-министр болуп дайындалган. Ал эми 2020-жылдын июнь айында ал «радиожыштыктар чуусуна» байланыштуу кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.