Башкы прокуратура: Энергетика министрлигиндеги текшерүү боюнча дагы 11 кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Энергетика министрлигинин борбордук аппаратынын, «Улуттук энергохолдинг» ААКтын жана «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине дагы кылмыш иши козголду — 11 иш. Бул тууралуу 14-сентябрда ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады.

Кылмыш иштери эмгек акыларга кошумча үстөктөрдү жана иш сапар чыгымдарын мыйзамсыз төлөөө, ошондой эле отун ресурстарын мыйзамсыз сатып алуу жана башка фактылар боюнча козголгон.

Мындан тышкары, Башкы прокуратура өкмөт башчысы Акылбек Жапаровдун атына энергетика системасында аныкталган башка дагы, анын ичинде коррупцияга каршы мыйзамдардын, жарандардын кайрылууларын кароо тартиби, кирешелерди декларациялоо жөнүндө мыйзамдарынын бузулушун жоюу, ошондой эле тиешелүү кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо тууралуу сунуш киргизген.

«Тактап айтканда, энергетика министри Доскул Бекмурзаев 2022-жылы ага жана анын жакын туугандарына таандык болгон кирешелер, чыгашалар, мүлк жана милдеттенмелер боюнча декларация тапшырган эмес», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Башкы прокуратура 2021-жылы Бекмурзаев Салык кызматына атайылап туура эмес декларация тапшырып, мүлкүн толугу менен көрсөтпөй койгонун дагы кошумчалады.

Буга чейин көзөмөл органы Энергетика министрлигиндеги жана анын түзүмдүк уюмдарындагы текшерүүдө мыйзамдар, президенттин жарлыктарынын жана Коопсуздук кеңештин чечимдеринин талаптары бузулганы аныкталганын билдирген.

Текшерүүнүн натыйжасында 32 кылмыш иши козгогон. Бул кылмыш иштери кимдерге козголгону айтылган эмес. Бирок Башкы прокуратура мамлекетке 889 млн сом зыян тийгизилгенин маалымдаган.

Министрге козголгон кылмыш иштери

Башкы прокуратура Доскул Бекмурзаевге эки кылмыш ишин козгогону тууралуу 13-сентябрда белгилүү болгон.

Анда көзөмөл органдын басма сөз кызматы «Клоопко» Бекмурзаев 2021-2022-жылдары тийиштүү тармакта «компетенциясы жок кызматкерлерди» мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Өзбекстан жана Орусияга кызматтык иш сапарларга жөнөткөнүн, натыйжада мамлекетке 1 млн сом зыян тийгенин билдирген.

Мындан тышкары Башкы прокуратурадан Бекмурзаев «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплексинин объектилерин капиталдык оңдоодон өткөрүүдө жеке компанияга зыян келтирген деп шектелип жатканы айтылган. Келтирилген зыяндын суммасы 15 млн сомду түзгөн.

Бекмурзаев өзү кылмыш иштери «атын каралоо» үчүн козголгон деп эсептейт.

Кийин президент Садыр Жапаров Доскул Бекмурзаевди тергөө мезгилине энергетика министри кызматынан убактылуу четтетүүнү чечкен.