«Кумтөрдүн» ишин жана алтындын сатылышын иликтөө боюнча комиссия түзүлдү

Жогорку Кеңештин 28-сентябрдагы жыйынында «Кумтөрдөгү» алтындын сатылышы, жалпы өндүрүлүшү жана кендин Кыргызстандын энчисине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө максатында убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Иш жүзүндө «Кумтөрдү» башкаруу 2021-жылдын 17-майынан тарта Кыргызстандын колуна өткөн, анда кенге сырттан башкаруу киргизилген болчу.

Комиссиянын курамына Марлен Маматалиев, Балбак Түлөбаев, Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Жанарбек Акаев, Нилуфар Алимжанова, Надира Нарматова, Нурланбек Шакиев, Марат Мураталиев, Улугбек Ормонов, Шайлообек Атазов, Арсланбек Малиев жана Максат Сарбагышев кирди.

Мурдараак «Кумтөрдө» финансылык мыйзам бузуулар аныкталып, баасы 1 млрд доллардан ашык сумманы түзгөн 19,2 тонна алтындын «белгисиз өлкөгө» сатылганына байланыштуу чуунун шартында депутаттар менен оппозиция бийликтен отчёт берүүнү талап кылган. Бул талаптарга президент Садыр Жапаров жооп берип, маселеге байланыштуу комиссия түзүп, ал жакка оппозициянын мүчөлөрүн киргизүүнү сунуштаган. Буга Бириккен демократиялык кыймыл (БДК) комиссияны жетектөөгө даярдыгын билдирип, «бийликтен конкреттүү кадамдарды» күтүп жатканын белгилеген.

Эми депутаттык комиссия түзүлгөн соң ага оппозиция менен коомчулуктун өкүлдөрү дагы кошулабы жокпу азырынча белгисиз. Президент мурдаарак эгер алтынды уурдоого жакын адамдары аралашканы билинсе аларды жакыны же досу экенине карабай каматууну убада кылган.

Дагы окуңуз: Бийлик Швейцария Кыргызстандан 1,1 млрд долларга алтын сатып алганын жашырып койгон

Башкы прокуратура «Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктү кармады