Сурабалдиева: Жайыл районунда тургун кыздарын зордуктап жүргөн, иликтөө акыйкат болбой жатат

Жайыл районунун тургуну мурдагы күйөөсү кыздарына ыдык көрсөткөнүн билдирди. Аялдын кайрылуусун пленардык жыйында депутат Элвира Сурабалдиева айтып чыкты.

Депутат өзү кыздардын атасынын аракетин «зордуктоо» катары баалады. Ал кыздардын энеси 2017-жылдан бери мурдагы күйөөсүнө карата акыйкат жаза издеп келе жатканын кошумчалады.

Кыздардын апасы депутатка жана президентке даректеген катында балдары сегиз жолу соттук-психиатриялык экспертизадан өткөнүн айтып берген.

«Кыздарды бир нече жолу суракка алышыптыр. Эми элестеткиле психологиялык жактан кандай экенин. Ошол балдарга 7-8 жолу курчакты көргөзүп, атасы эмне кылганын кыздар курчакка көргөзүп берсе деле тергөөчү улам-улам экспертизага жөнөтө бериптир», — деп билдирди эл өкүлү.

Сурабалдиева бул иштин иликтөөсү соттук-медициналык экспертиза тармагында коррупция канчалык чоң экенин айгинелеп турарын белгиледи.

Мындан тышкары, эл өкүлү парламенттеги кесиптештерин аялдарды сыйлоого үндөдү, себеби аларды көрүп жөнөкөй жарандар үлгү алат.

«Кечээ биздин бир коллегабыз чыгып алып, Ак үй, көк үйдө “секретуткалар” иштейт деп айтты. Буга чейин кыска юбка кийген кыздарды, мектепте кыска юбка кийсе, анда аларды туура эле зордуктайт деп айтканда мен микрофонго унчукпайын деп өзү менен сүйлөшкөм, байке, антип айтканыңыз болбойт дегем. Унчукпаган сайын кээ бир мырзаларыбыз аша чаап, чегин билбей калып жатышат. Бул туура эмес да», — деп белгиледи Сурабалдиева.

13-сентябрда парламенттин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде киши колдуу болгон 14 жаштагы кадамжайлык Айдай Кочкорованын өлүмүнө байланыштуу маалымат талкууланган. Жыйында депутат Акбөкөн Таштанбеков кээ бир окуучу кыздар өтө эле кыска юбка кийип алып зордук кылган адамдарды азгырып жатат деп билдирген.

Өз кезегинде акыйкатчы Атыр Абдрахматова сөз алып, депутаттарды зомбулук үчүн жашы жете электердин өздөрүн айыптоодон оолак болууга чакырган.

Милиция эмне дейт?

Чүй ОИИБи депутат жыйында ачыктаган окуянын чоо-жайы тууралуу «Клоопко» айтып берди. Алардын айтымында, 2017-жылдын 20-июлунда милицияга аял кайрылып, мурдагы күйөөсү бир жыл бою жашы жете элек кыздарына ыдык көрсөтүп жүргөнүн билдирген.

Басма сөз кызматтан аталган факт боюнча соттук-психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындалганын, бирок кыздарды экспертизага эч ким алып келбей койгонун, андан улам кылмыш ишин козгоодон баш тартуу болгонун билдиришти.

Милициядан кыздардын апасы 2020-жылдын 4-декабрында кайрадан милицияга кайрылганын белгилешти. Ал мурдагы күйөөсү мас абалда алардын жашы жете элек кызына ыплас аракеттерди жасаганын айтып берген.

Факт «Ыплас аракеттер» беренеси менен катталып, соттук-медициналык жана соттук-психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындалган. Бирок алардын жыйынтыгында кыздардын денесинде залалдар табылган эмес.

«Жашы эжете элек кыздарга жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, кароо учурунда денеден көзгө урунган залалдар байкалган эмес. Кыздык челдин анатомиялык бүтүндүгү бузулган эмес. Жыныс органдарынын айланасында да кандайдыр бир залалдар аныкталган эмес», — деп билдиришти милициядан.

Милициядан бул факты боюнча иш кыскартылганын белгилешти. Бирок 2022-жылдын 1-сентябрында Башкы прокуратура ишти кыскартуу жөнүндөгү токтомду жокко чыгарып, аны кайрадан Жайыл РИИБине жөнөткөн. Тергөө уланып жатат.

Балдарга карата зомбулук

ИИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. Аталган 400 фактынын 55 учуру — бул сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктун ичинен: 19у зордуктоо, 5и сексуалдык зомбулук көрсөтүү аракети, 23ү жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү аракети, 8и ыплас аракеттер.

Муну менен кошо балдарга карата зомбулук фактылары жыл сайын өсүп жатат. Июлдун аягында Ички иштер министри Улан Ниязбеков жашы жете электерге карата кылмыштардын өсүшү тууралуу билдирүү жасаган.

Көбүнесе иш сотко жетпей калат, анткени көпчүлүк учурда балдарга карата зордук-зомбулук туугандар тарабынан жасашат. Жапа чеккендердин үй-бүлөлөрү арыз жазууну чечишсе да, туугандары менен макулдашып, арыздан баш тартышат.

Тема боюнча:

«Жумуштан сырткары убакта болгон». Бийлик 13 жашар кыздын окуясына кандай реакция кылган?

Айтбекова: Зомбулукка кабылгандарга жардам берүү жарандык коомдун эле эмес, мамлекеттин иши

«Сизде тандоо бар, менде жок». Балага карата зомбулукту кантип аныктаса болот? — интерактивдүү оюн

Садыр Жапаров балдарга карата зомбулук үчүн жазаны күчөтүү боюнча мыйзамга кол койду