Жээнбеков Атамбаевди контрабанда жана Дача-СУ окуясы менен байланыштыргысы келген — Шыкмаматов

Коомдук комиссия Дача-СУдагы каргашаны иликтөөсүн аяктап, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн авиакырсык үчүн күнөөлөрү жок деген тыянак чыгарды. Бул тууралуу 16-ноябрда «Боинг-747» учагынын Дача-СУ кыштагына кулашын иликтеген коомдук комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов АКИpress басылмасына билдирди.

Анын айтымында, комиссиянын жарым жылдык иштин отчётун жакынкы күндөрү Жогорку Кеңештин жыйынына киргизет.

Шыкмаматов комиссия кандай тыянакка келгенин айтып берди.

Учак контрабандалык жүк ташып келе жаткан эмес

Комиссиянын төрагасы учак контрабандалык жүктү ташып келе жаткан деген версияны төгүнгө чыгарды. Ал жүк Түркияга баратканын, ал жерден алуучу өлкөлөргө бөлүштүрүлмөктүгүн айтты.

Анын айтымында, Кыргызстанга жеткириле турган жүктүн буйрутмачысы «JTI Kazakhstan» компаниясы болгон. Ал Гонконг шаарынан USB-зажигалкаларга буйрутма берген.Шыкмаматов аталган каттам бүгүнкү күнгө чейин аткарылып жатканын кошумчалады. Алар, анын айтымында, Бишкектин аэропортунда май куюу үчүн конот.

Жээнбеков Атамбаевди контрабанда менен байланыштыруу аракетин көргөн

Алмамбет Шыкмаматов экс-президент Сооронбай Жээнбеков Атамбаевди 36 адамдын өмүрүн алган авиакырсыкка жана аткезчиликке байланыштырууга аракет кылганын айтат. Анын пикиринде, учактагы жүктүн Атамбаевге, анын жакындарына эч кандай тиешеси жок.

Ал каргаша болгон учурда Атамбаев «өзүнүн аппараты жана айланасындагы адамдар» кетирген катанын курмандыгы болуп, «оппоненттери ошол учурдан пайдаланып кеткен» деп эсептейт.

«Трагедия болгондо Атамбаев ал жерге барган эмес. Ал маалыматтык айдыңдан алыстап калып, оппоненттери ошол учурдан пайдаланып кеткен. Атамбаев актанууга аракет да кылган эмес, Кудайга коюп койгон. Маалыматтык кампания да баштабай коюп, натыйжада маалыматтык согушта утулуп калган. Ал эми коомчулук болсо дайымкыдай эле укмуштуудай кеп-сөз жана ушактарга ишенип алган», — дейт Шыкмаматов.

Саясатчынын айтымында, Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда, ИИМдин алдында тергөө тобуп түзүп, ал «жарым жыл бою Атамбаевдин жана контрабанданын изин издеген».

«Алар жарым жыл бою Атамбаевдин жана контрабанданын изин издеген. Түркияга чейин барып, иштин бардык кырдаалын жада калса микроскоп менен издегендей болду. Бирок Атамбаевге жана анын жакындарына байланыштуу эч нерсе тапкан эмес. Буга ишенбестик болуп, тергөө тобунун курамы 2 ирет алмаштырылды. Бирок алар да эч нерсе тапкан эмес. Акырында кылмыш ишти жасалмалоо үчүн эч ким жоопкерчилик алган эмес [...] Эгерде Атамбаевдин Дача СУдагы кырсыкка байланыштуу күнөөсү тастыкталса, анда Жээнбековдун кылганын коом колдоого алмак», — деди ал.

Шыкмаматов комиссия каргашаны изилдөө боюнча тергөө тобун жетектеген ИИМдин өкүлдөрүн суракка алганын дагы кошумчалады. Ал комиссиянын курманына жарандык активисттер да киргенин айтты.

«Аны бул жактан эч ким колдогон да, каралаган да жок. Бардык иш объективдүү болду. Трагедияда Атамбаевдин жана анын үй-бүлөсүнүн күнөөсү жок», — деп белгиледи Шыкмаматов.

Саясатчы «тилекке каршы, биздин саясатта саясий күрөштүн калыптанган эрежеси жок» деп белгиледи.

«Эрежесиз эр мушташтагыдай бардык ыкмалар, ыпласы дагы колдонулат. Албетте, бул жакшы эмес. Бийликтин оппоненттери колунан келгендин баарын колдонот, бийликти кулатыш үчүн шайтандын өзү менен деле биригүүгө даяр, андан кийин эмне болсо ошол болсун дешет. Ал эми бийликте отургандары жазалоо органдарын колдонуп, чектен чыгып кетишет. Жыйынтыгында кайра эле — баягы болуп отуруп калабыз. Мунун баарына саясий маданияттын жоктугу, демократиянын жетиле электиги, идеологиялык баалулуктардын чаржайыттыгы себеп», — деп жыйынтыктады сөзүн Шыкмаматов.

Дагы окуңуз: «Аткезчилик болгон эмес». Дача-СУдагы авиакырсыктын чоо-жайын изилдеген комиссия ишин аяктады

Садыр Жапаров Дача-СУ кыштагына кулаган учак боюнча коомдук комиссия түздү

Дача-СУда жабыркагандар үчүн чогулган 30 млн сомдон ашык акча бюджетке өтүп кеткен — комиссиянын мүчөсү