Бишкек: ЖОЖдордун биринин жатаканасында 17 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринин жатаканасында 17 жаштагы кыздын сөөгү асынган абалда табылды. Бул тууралуу 1-декабрда «Клоопко» Ленин РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, милицияга кыз өз жанын кыйгандыгы тууралуу маалымат 29-ноябрь күнү таңкы саат 06:07 чамасында түшкөн. Жерине барган ыкчам тергөө тобу, жатаканын бөлмөлөрүнүн биринде асынып турган кыздын сөөгүн табышкан.

Басма сөз кызматынан анын денесинде «зомбулуктун белгилери» байкалбаганын белгилешти.

Бул факты Ленин РИИБге катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ноокат: 15 жашар кыз өз үйүндө асынган абалда табылды, териштирүү башталды

Кадамжай: Асынган абалда табылган 16 жаштагы окуучунун өлүмү териштириле баштады

Бишкекте 9 жаштагы бала асынган абалда табылды

Ош: 17 жаштагы кыз спорттук аянтчада асынган абалда табылды