«Комиссия мыйзамсыз деп тапты». Өмүрбек Бакиров мурдагы иш бөлмөсүндө калганын айтты

Өмүрбек Бакиров

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров буга чейин президенттин иш башкармалыгы алып койгон иш бөлмөсү өзүндө калганын айтты. Бул тууралуу Kaktus.media басымасына 1-декабрда маалымдады.

Бакировдун айтымында, парламенттин 1-декабрдагы жыйынында депутаттык комиссия анын бөлмөдөн чыгарылганын мыйзамсыз деп тапкан.

Буга чейин Бакировдун бөлмөдөн чыгарылганын иликтеген атайын депутаттык комиссия маселени жабык эшик артында караган.

Ага чейин депутат «президенттин иш башкармалыгы жаңы кабинет берип оозумду жапканы жатат» деп айтып чыккан. Бакиров «алгач Президенттин иш башкармалыгынын өкүлдөрүнүн аракетине юрикалык баа берүүнү» талап кыларын билдирген.

Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышы

Бакиров 19-ноябрда президенттин иш башкарамалыгы Жогорку Кеңештин 7-кабатындагы иш кабинетин тартып алганын билдирген. Парламентарий өзү бул 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышканы менен байланыштуу деп болжогон. Анын айтымында, 18-ноябрда иш кабинетине өзүм билемдик менен кирип, буюм-тайымын, техникасын коридорго чыгарып салышкан.

Президенттин иш башкармалыгынын катында Бакиров «Жогорку Кеңештин ишин оптималдаштыруу жана жумуш орундарын иретке салуу максатында 7-кабаттагы 705-бөлмөнү 18-ноябрда саат 13:00гө чейин бошотушу» керектиги айтылган. Ошондой эле администрациядан Бакировго жакын арада «ылайыктуу» бөлмө таап берилет деп ишендиришкен.

Президенттин иш башкармачысы Каныбек Туманбаев депутатты башка кабинетке көчүрүү чечими үч фракция лидеринин атынан кат келгенден кийин кабыл алынган, эл өкүлүнүн кабинетине аталган үч фракция лидеринин бири кирет деп айткан.

Парламенттин бир катар депутаттары Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышын — аткаруу бийлигинин Жогорку Кеңешке карата сыйлабас мамилеси деп баалашкан.

Парламенттин 23-ноябрдагы отурумунда депутат Тазабек Икрамов Бакировду бөлмөсүнөн чыгаруу жөнүндөгү катка кол койгон президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элмира Үсөнованы кызматтан алууну сунуштаган. Депутаттар Жалалидин Нурбаев жана Адахан Мадумаров да Бакировду колдогон пикирлерин айтышкан.

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев маалымат алуу үчүн президенттин иш башкармалыгынын жетекчисин жыйынга чакырууну тапшырган.

Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын өзүнчө тилкелерин делимитациялоо, анын ичинде Кемпир-Абад боюнча маселе каралып жатканда депутат Өмүрбек Бакиров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен тартыша кетип, Ташиев депутатты трибунадан сөккөн.

Тема боюнча:

Өмүрбек Бакиров: Иш башкармалык эптеп бир кабинет берип, оозумду жапканы жатат