Учакта контрабанда болгон эмес — Комиссия Дача-СУ боюнча корутундусун чыгарды

Дача-СУдагы учак кырсыгынын себептерин изилдөө боюнча коомдук комиссия кыштакка кулаган «Боинг-747» учагында контрабандалык товарлар болгон эмес деген тыянакка келди. Бул тууралуу комиссиянын башчысы Алмамбет Шыкмаматов Коомдук комиссиянын корутундусу менен тааныштырып жатып парламент жыйынында билдирди.

Шыкмаматов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учактагы жүккө тиешеси жоктугун белгиледи. Ал 2019-2022-жылдары президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Гонконг — Бишкек — Стамбул каттамы боюнча рейсте контрабанда бар болгон-жогун иликтеши керек болгон тергөө тобу түзүлгөнүн билдирди. Тергөө тобунун курамы эки жолу алмашып, ал эми иликтөө мөөнөтү бир нече жолу узартылганы менен алар контрабанда фактын аныктай алышкан эмес.

«Дача-СУнун саясатташканы боюнча калың эл бир эле суроого жооп издеп жаткан. Бул жүктү оппозиция Атамбаевдин жана анын үй-бүлөөсүнүн жүгү [деп], же ошолор контрабанда менен алек болгон деген суроо болгон да. Бирок азыр далилденди. Жүк Атамбаевдики же анын үй-бүлөөсүнүкү эмес экен. Мен ошого ынандым. Болгону жалпы саясий жетекчи катары анча-мынча техникалык маселелер боюнча күнөөлөрү болушу мүмкүн. Бирок жеке анын жүгү [экени] далилденген жок, табылган жок», — деп комментарий берди комиссиянын корутундусуна депутат Жанар Акаев.

Комиссия авиакырсыкта жабыр тарткандарга төлөгөн компаниясы тууралуу да айтып берди. Шыкмаматовдун айтымында, түрк тарап Кыргызстанга 4,5 млн доллар кенемте төлөп берген, анын ичинен 600 млн сомун өкмөт өзүнө алган. Ал өкмөт өрт өчүрүү жана башка иштер учурунда чыгымга учураган деп түшүндүрдү. Анткен менен Шыкмаматов ошол убакта мамлекеттик бюджеттен авиакырсыктан жапа чеккендерге компенсация төлөө үчүн акча бөлүнбөгөнүн белгиледи. Мурда бийлик компенсациялардын суммасын жабыркагандардын коопсуздугуна танып ачыктоодон баш тарткан болчу.

Анткен менен Шыкмаматов авиакырсыктын кесепетинен жабыркагандардын баарына кенемте төлөнүп берилгенин белгиледи.

Ошондой эле ал кыргызстандыктар жардам катары чогулткан 102 млн сомдун ичинен 70,5 млн сом каза тапкандардын туугандарына берилгенин, 12,7 млн сом үй-жайы толугу менен кыйраган адамдарга, ал эми 7 млн сом жетим балдарга берилгенин айтып берди.

Мындан тышкары, комиссия бийликке мындан ары аэропорттордун жанында мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө үчүн чара көрүүнү сунуштады.

Комиссия өз корутундусун президент Садыр Жапаровго жөнөттү. Бул комиссия 2022-жылдын май айында президент Жапаровдун тапшырмасы менен түзүлгөн. Комиссия 2022-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө авиациялык кыйроого алып келген жагдайлар, себептер жана шарттар жөнүндө корутундуну жана Дача-СУ айылынын тургундарынын көйгөйлөрүн комплекстүү чечүү боюнча сунуштарды бериши керектиги белгиленген.

Дача-СУдагы каргаша жана кенемте

«Боинг-747» үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак 2017-жылы январда Дача-СУ кыштагына кулаган. Учак Гонконгдон Стамбулга учуп бара жаткан жана Бишкектин «Манас» аэропортунан май куюп алышы керек болгон. Учак аэропортко жетпей, аба майданга жакын жайгашкан кыштакка кулап, 26 үйдү бузган.

Учактын кыйрашынан улам экипаждын төрт мүчөсүн кошкондо 39 адам курман болгон. Кыргызстандын бийлиги келтирилген зыянды 186 млн сомдон ашуун деп баалаган.

Учактын бортунда тиричилик техникалары, телефондун аксессуарлары, зажигалкалар жана чөнтөк телефондору — жалпысынан 76 тоннадан ашык жүк болгон.

Кырсыктан көп өтпөй «кыйраган учак контрабандалык жүк ташып баратканы жана Бишкекке белгисиз жүк таштап кетиши керек болгону» тууралуу маалымат тарай баштаган. Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев «аткезчиликке катыштыгы бар» деп айыпталган.

2021-жылы Авиакырсыктарды иликтөө комиссиясы (МАК)«Боинг-747» учагынын кыйрашы боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялаган. Анда кыргызстандык диспетчер учак конуу өтүнүчү менен баарын көрсөтмөгө ылайык аткарганын, кырсыкка «экипаждын өз чечими алып келгени» айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:  Жээнбеков Атамбаевди контрабанда жана Дача-СУ окуясы менен байланыштыргысы келген — Шыкмаматов