Абактан кат: Рита Карасартова ТИЗОнун шарттарын жана бир айдан бери тергөө жүрбөй жатканын айтты

Рита Карасартова

Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыккандан кийин кармалган активист Рита Карасартова 23-ноябрда абактан кат жазып, бир айдан бери тергөө иштери жүргүзүлбөй жатканын айтты.

«Тогуз айым 30 чарчы метр [бөлмөдө], 24/7 [отурабыз], күткөнүбүз тергөө менен сот отуруму. Бүгүн кармалганыма бир ай болду, бир дагы тергөө аракети жасала элек, бул кадыресе көрүнүш экен. [Арабызда] эки айдан бери тергөөгө чыга элекпиз дегендер дагы бар», — деди ал.

Ошондой эле катта, ТИЗОго оор кылмыш жасагандар, боштондукта калса тергөөгө кысым көрсөтүп же качып кете тургандар кармаларын баса белгилеп, 10 кишиге ылайыкташкан бөлмөнүн ичин сүрөттөгөн.

«Бөлмө он адамга ылайыкташылган, биздин камерада тогуз айым отурабыз. Ошол эле бөлмөдө уктай турган эки кабаттуу керебеттер, тамак даярдоочу электроплита, муздаткыч, идиш аяк жууганга раковина жана даараткана. Тогуз айымдын үчөө адам өлтүрүүгө шектүү, экөө баңгизат жайылтууга, үчөө алдамчылыкка жана мен бийликти басып алууга даярдык көргөнүм үчүн шектелип отурабыз», — деп жазган Карасартова.

Аны менен катар, Кемпир-Абаддын тагдыры чечилгенин айтып, «эки достун (жок үч, башкы прокурордун дагы) мойнуна түшкөн жоопкерчилик болсун, тарых баарын таразалайт» деп сөзүн жыйынтыктаган.

Буга чейин укук коргоочунун ден соолугу кескин начарлап, тергөө абагындагы ооруканада дарыланып жатканы айтылган.

Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүн сындагандарды кармоо

Кемпир-Абад суу сактагычына байланышкен келишимди сынга алган саясатчылар менен активисттерди тинтүү жана кармоо 23-октябрда болгон. Жалпы 30га чукул адам кармалып, аларга «массалык башаламандык уюуштурууга даярдык көргөн» деген айып тагылган.

25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту кармалгандардын дээрлик бардыгын эки айга камакка алган, кийин шаардык сот биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырган.

Кармалгандардын баары күнөөсү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Алар «Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыкканы үчүн кылмыш куугунтугу болуп жатат» деп эсептешет.

Отузга чукул саясатчы менен активисттин кармалышы боююнча бир катар депутаттар пикирин билдирип, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт», алар суу сактагыч маселесин «бийликтин бир жерине илинип калсам» деген ойдо пайдаланып жатышат деп билдирген.

Ал эми УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев парламенттин 17-ноябрдагы жыйынында Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды «чагымчылар», мамлекетке туруксуздукту алып келебиз, мамлекетте ызы-чууга салабыз, бийликти алабыз дегендер» деп атаган.

Ал эми кыргыз-өзбек чек арасы жана Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам парламентте колдоо таап, эки өлкөнүн президенттери кол койгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Абактагы активист Рита Карасартованын ден соолугу кескин начарлап кетти

Рита Карасартова: Кемпир-Абадды коргоп түрмөгө түшүү — мен үчүн тарыхый окуя

Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек ара келишимин ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду