Узаган 2022-жыл бүткүл дүйнө үчүн, анын ичинде Кыргызстан үчүн да оор жыл болду.

Январь айында коңшу Казакстанда массалык нааразычылыктар башталды, февраль айында Орусия Украинага толук масштабдуу кол салды, ал эми сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында адам каны төгүлгөн куралдуу кагылыш болду.

30га чукул активист жана саясатчылар камакка алынды, Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстандын карамагына өттү, ал эми сөз эркиндигинин деңгээли кескин төмөндөдү. Андан тышкары, курч респиратордук оорулар тарап, өлкөнүн шаарларын каптаган кара түтүндөн улам күчөп кетти.

Ошентсе да, жылды жыйынтыктап жатып, 2022-жылдагы жалаң гана жакшы окуяларды топтоону чечтик. Бул жерде кыргыз спортчуларынын суктандырган жеңиштери, кичинекей Аруузатка көптөн күтүлгөн дарынын сайылышы жана жети миллионунчу кыргызстандыктын төрөлүшү сыяктуу окуялар камтылды.

Ырчы келин Бегимай

Быйыл кыргызстандыктар Бегимай Турусбекованын мисалында керемет ишке ашаарына ынанышты.

Бегимай бир түндө эле таанымал болду. Ал 19-июнь кечинде «Ынтымак» паркында Селин Дион, Уитни Хьюстон жана Виктор Цойдун ырларын ырдап, шаар тургундарын өзүнүн керемет добушу менен таң калтырган. Эртеси күнү атактуу болуп ойгонгон — Бегимайдын видеосу соцтармактарга тарап кеткен.

Кийинчерээк Бегимай ЖМКга берген интервьюсунда Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окуп, аны менен катар кафелерде ырдап жүргөнүн айтып берген. Кийин турмушка чыгып, балалуу болгондон кийин ырдабай калган. Мекендешибиз жүрөгүнүн түпкүрүндө сахнага чыгууга даяр экенин белгилеген.

Кийинчерээк Бегимай ЖМКга берген интервьюсунда Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окуп, аны менен катар кафелерде ырдап жүргөнүн айтып берген. Кийин турмушка чыгып, балалуу болгондон кийин ырдабай калган. Мекендешибиз жүрөгүнүн түпкүрүндө сахнага чыгууга даяр экенин белгилеген.

22-июнда Бегимай Турусбекованы маданият министри Азамат Жаманкулов кабыл алган. Ал министрлик Бегимайга Central Asia’s Got Talent сынагына катышууга жардам берип, Казакстан, Түркия, Венгрия өлкөлөрүндөгү маданият күндөрүндө, эл аралык аренада ырдоого жана эл аралык сынактарга катышууга көмөктөшүүнү убадалаган.

Ошондой эле, мекемеден анын музыкалык билимин улантып, ийгиликтүү бүтүшүнө жардам беребиз дешкен.

Июль айында орусиялык шоумен Андрей Малаховдун «Привет, Андрей!» телеберүүсүнүн тартуу тобу Бегимай жашаган Жалал-Абад облусунун Казарман айылына барган. Ал эми сентябрда Бегимай Москвага барып, аталган шоуго тартылган.

Жети миллионунчу кыргызстандык төрөлдү

2022-жылы 19-октябрда саат түнкү 2ден 10 мүнөт өткөндө Кыргызстандын калкынын саны жети миллионго жетти.

Өлкөнүн жети миллионунчу жашоочусу эркек бала болду. Ал Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында төрөлдү.

Президенттин сунушу менен балага «өлкөнүн өнүгүшүн жана гүлдөп-өсүшүн символдогон» Жакшылык деген ат коюлду.

Президенттин басма сөз кызматы бийлик анын депозиттик эсебине 18 жашка чыкканга чейин керектөөлөрүнө колдонушу үчүн 1 миллион сом которууну убадалаган.

Кичинекей Аруузат көптөн күткөн дары

Аяктап бараткан жылы эң кубанычтуу жаңылыктардын бири омуртка булчуңдарынын атрофиясы (ОБА) диагнозу коюлган кичинекей Аруузаттын көптөн күткөн «Золгенсма» ийнесин алганы болду.

«Золгенсма» — дүйнөдөгү эң кымбат дары. Бир эле ампуланын баасы 2 млн доллардан ашат, бирок атрофияны токтотуу үчүн ошол эле жетиштүү. Препарат бейтапка бир эле жолу сайылат.

Кичинекей мекендешибиз Аруузат үчүн дарыга акча чогултуу бир жыл үч айга созулду. Март айында дарыланууга керек болгон 2,3 млн топтолуп, акча чогултуу токтотулган. Ал эми уколду Аруузат август айында алган.

Аруузат омуртка булчуңдарынын атрофиясына (ОБА) чалдыккан. Омуртка булчуңдарынын атрофиясы сейрек кездешүүчү, тукум куучу нерв-булчуң оорусу — анын кесепетинен дененин бардык булчуңдары жабыркайт. Алгач бейтаптын колу-бутунун күчү кетип, андан кийин жутуу жана дем алууга жооп берген булчуңдары атрофияланат. Көбүнесе адам баласы толук акыл-эсинде туруп, абанын жетишсиздигинен каза болот, бирок оору акыл-эске эч кандай залал келтирбейт.

Спортчулардын ийгиликтери

2022-жылы кыргыз спортчулары өздөрүнүн триумфтук жеңиштери менен таң калтырышты.

Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) кыргызстандык балдандар Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбековду 2022-жылдын «тарых жаратуучулары» деп атады. UWW сентябрь айында Белградда өткөн дүйнө чемпионатынын финалында Махмудов венгриялык Золтан Левайды 8:0 эсебинде жеңип, «Кыргыз тарыхын кайра жазууга» болгону 2 мүнөт 6 секунд талап кылынганын жазды. Бул жылы Акжол грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону да болду.

Чемпионатта, ошондой эле Амантур Исмаилов да утушка ээ болду. Андан тышкары, кыргызстандык балбандар Бекболот Токтогонов жана Дайырбек Карыяев самбо боюнча дүйнө чемпиону болушту. Аба акробатикасы боюнча спортчулар да алтын медаль утушту.

Түркияда өткөн Ислам шериктештик оюндарында Кыргызстан медалдык эсепте тогузунчу орунду ээледи. Оюндарга 54 өлкөдөн төрт миңге жакын спортчу катышкан.

Турнирде суучул Денис Петрашов 100 метр аралыкка брасс стилинде сүзүп, 01:00:54 жыйынтыгын көрсөтүп, алтын медалдын ээси болду. Бул көрсөткүч Ислам оюндарындагы жаңы рекорд болуп калды. Роман Петров фехтования боюнча алтын медаль утту. Эрназар Акматалиев, Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова жана Жоламан Шаршенбеков эркин күрөш боюнча алтын медаль тагынышты.

Бишкекте өткөн Азия чемпионатында (U-23) Кыргызстандын күрөш боюнча кыздар курамасы сегиз медаль утту, алардын экөө — алтын. Аларды өлкө куржунуна Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова алып келишти. Кыздар курамасы жалпы командалык эсепте экинчи орунду ээлешти. Эркектер курама командасы үч алтынга ээ болушту — Акжол Махмудов, Тынар Шаршенбеков жана Жоламан Шаршенбеков.

Түркиядагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан 58 медал утту. Оюндарга 102 өлкөдөн үч миңден ашык спортчу катышты. Дене тарбия жана спорт департаментинен медалдардын 16сы алтын экенин билдиришкен. Мелдеш көк-бөрү, көкпар, алыш күрөш, жаа атыш, таяк-тартыш жана башка спорттун түрлөрү боюнча өткөн.

Ошондой эле, ушул жылы кыргызстандык футболчу Бекназ Алмазбеков 2005-жылы төрөлгөн дүйнөнүн эң мыкты жаш футболчуларынын рейтингине кирди. 17 жаштагы Бекназ Алмазбеков — Кыргызстандын улуттук жана жаштар курамасынын оюнчусу. Азыр ал Түркиянын «Галатасарай» клубунда ойнойт.

Кыргызстандыктар дүйнөнү багындырууда

Андан тышкары, Кыргызстанда төрөлгөндөр да дүйнөлүк спорттук аренада мыкты спортчу аталышты.

Дмитрий Бивол төртүнчү ирет Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBA) версиясы боюнча жарым оор салмакта дүйнө чемпиону титулун коргоду. 6-ноябрга караган түнү Бивол чемпиондук курга талапкер мексикалык Хильберто Рамирести утуп чыкты. Беттеш 12 раундга созулуп, калыстардын бирдиктүү добушу менен Биволдун утушу менен аяктаган.

Бивол жеңилгис бойдон калууда. Ал эсебиндеги 21 беттештин 21ин утуш менен аяктаган. Беттештеринин 11ин Бивол мөөнөтүнөн мурда уткан.

Дмитрий Бивол 1990-жылдын 18-декабрында Токмок шаарында төрөлгөн. Спортчу бокс менен 6 жашынан тарта алектене баштаган. 2002-жылы үй бүлөсү менен Орусиянын Санкт-Петербург шаарына көчүп кеткен. Бивол 2007-жылы эл аралык класстагы спорт чебери болгон.

Ошондой эле кыргызстандык спортчулар — эже-сиңди Шевченколор да утуштары менен мекендештерин кубандырышты.

Антонина Шевченко америкалык Кортни Кейсини UFC Вегас 58 аралаш жеке күрөш турниринде утуп чыкты.

UFC же абсолюттук мушташ чемпионаты [Ultimate Fight Championship] — аралаш мушташ эрежеси — MMA [Mixed Martial Arts] менен беттешүүлөрдү өткөргөн спорттук уюм.

Ал эми 12-июнда Сингапурда анын бир тууганы Валентина Шевченко бразилиялык Тайла Сантос менен бетешкен. Беш раунддун жыйынтыгы менен калыстар жеңишти кыргызстандык спортчуга ыйгарышкан. Беттеш UFC 275 турниринин алкагындагы эң жеңил дивизиондо өткөн.

Валентина Шевченко өзүнүн UFC чемпиондук титулун жетинчи ирет коргоду. Ошол эле учурда, бул беттеш — анын 2018-жылдын декабрынан берки катары менен уткан тогузунчу жеңиши.

Сентябрдын аягында ал титулун алтынчы ирет коргогон. Андан тышкары, Шевченко Netflix стримингдик платформасы үчүн «В синяках» аталышындагы фильге да тартылган.