Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 58 медаль утту

Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 58 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти Фейсбуктагы барагында жазды.

Департаменттен утуп алынган медалдадын 16сы алтын, 17си күмүш жана 25и коло экенин билдиришти. Кыргыз спортчулары жалпысынан спорттун 14 түрү боюнча мелдешке катышышты.

Көк бөрү жана көкпар боюнча

Кыргызстандын көк бөрү боюнча курамасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынынын финалында жеңүүчү болду. Финалда кыргыз командасы казакстандык оюнчуларды 5:0 эсебинде жеңди. Бирок, көкпар турниринде Казакстандын курамасына 3:4 эсебинде утулду.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү жана көкпар боюнча мелдештер өз-өзүнчө өтүп жатат.

Алыш күрөш

Кыргызстандык балбандар алыш бел боо күрөшү боюнча 19 медаль утушту. Күрөштүн бул түрү эркин жана классикалык деп бөлүнөт. Эркин күрөш боюнча кыргыз командасы 10, ал эми классикалык түрү боюнча — 9 медалга ээ болду.

Күрөштүн башка түрлөрү

Кыргызстан мындан тышкары күрөштүн дагы 8 түрүнө катышып, 19 медаль куржунга түштү.

Таяк тартыш

Кыргызстандын мас-рестлинг боюнча курама командасы алты медал утту: 3 алтын, бир күмүш жана эки коло.

Жаа атуу

Жаа атуу боюнча кыргыз командасы биринчи орунду багындырды. Мелдеш жекелик жана командалык курамда өттү.

Эркектер арасындагы жеке мелдеште биринчи орунду Түркиянын спортчусу Огуз Окчу алса, аялдар арасындагы жеке мелдеште монголиялык спортчу Баярма Сере биринчи орунду ээледи. Кыргыз спортчусу коло медалга татыды.

Департаменттен тогуз коргоол жана кыргыз күрөшү боюнча дагы беттештер өткөрүлгөнүн кошумчалашты.

Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-октябрда аяктады. Ага 102 өлкөдөн үч миңден ашык спортчу катышты. Мелдештерге Кыргызстандын атынан 148 спортчу катышты.