Адвокаттар бирикмеси: Кемпир-Абад ишинде активисттер экпертиза өткөрүлбөй эле камалган

Кемпир-Абад суу сактагычын коңшулаш Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан активист, саясатчылар абакта мыйзамсыз жатат, аларды камоодо «процессуалдык процедура одоно бузулган». Бул тууралуу «Клоопко» «Кыргызстан адвокаттар Ассоциациясынын» жетекчиси Канат Асанкадыр 5-декабрда билдирди.

Анын айтымында, акивист, саясатчыларды иш боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзбөй, экспертизанын жыйынтыгын күтпөй эле камакка алышкан.

«Иштин мазмуну боюнча айтуудан алыспыз. Бирок формасы боюнча, негизи биринчи иш козголот, андан кийин тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүрөт. Ошондо күбөлөр суралат, тиешелүү экспертиза дайындалып, башка да иликтөөлөр жүргүзүлөт. Бардыгы далилденсе, анан ар бир адам өз-өзүнчө жоопко тартылып, бөгөт чарасы тандалат. Бизде болсо кылмышты козгоп туруп эле, дароо бөгөт чарасын танаган. Андан кийин гана экспетризаларды дайындап жатышат», — деп түшүндүрдү ал.

Асанкадыр экспертизанын жыйынтыгы азыркыга чейин чыкпаганын айтты.

«Балким экспертиза таза чыгып калса кандай болот эле? [Активист, саясатчылардын абакта] мыйзамсыз отурганы эмне болот? Же экспертиза алдын ала кепилдик берди беле, кеп ушунда?! Ошол үчүн Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси* процедураны сактоону талап кылат», — деди ал.

*Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 153-беренсинде «Тергөөчү, прокурор сотко чейинки өндүрүштү баштоого себеп болгон учурдан тартып тергөөгө чейинки текшерүүнү баштоого милдеттүү, анын жүрүшүндө берененин 3-пунктунда көрсөтүлгөдөй, экспертизаларды жүргүзүүнү дайындоого укуктуу» деп баяндалат.

Кемпир-Абад иши

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, абакта жаткан активист жана саяастылар. 

2022-жылдын октябрь айында бийлик Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30дан ашык активист, саясатчы жана укук коргоочуларды кармаган. Алардын баары «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деп айыпталып, ТИЗОго киргизилген.

Кармалгандардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга басым болуп жатканын, ошондой эле, аларга кылмыш иши Кемпир-Абад маселеси боюнча позицияларынан улам козголгонун айтышкан.

Кармалган активисттер менен саясатчыларды сот эки айга камакка алып, декабрда баш коргоо чарасын дагы эки айга узарткан. Буга жооп кылып кармалгандардын ондон ашыгы аларды жок дегенде үй камагына чыгарууну талап кылып саясий ачкачылык жарыялашкан. Бирок бул акциядан да майнап чыккан эмес. Эки жумадан кийин иштин бардык фигуранттары саламаттагы начарлап кеткендиктен ачкачылыкты токтотушкан.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

Ал эми президент Садыр Жапаров кимдир бирөөнү бошоткула деп буйрук бере албасын билдирген. Президент бул иш боюнча судьялардын ишине эч ким кийлигишпегин айтып ишендирүүдө.

Ал Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар «төңкөрүш жасоону пландашканы үчүн түз эле барып түрмөгө түшүшкөн» деп айткан. Анын айтымында, айыпталгандар төңкөрүш жасоо пландары, канча адам чогултуу керектиги талкууланган чогулушка барышкан.

Тема боюнча:

Массалык «беспредел» катардагы көрүнүш болуп калды — Жакупова Кемпир-Абад иши тууралуу