Кемпир-Абад иши боюнча кармалган 16 адам ачкачылык акциясын токтотту

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бир бөлүгү. Сүрөт: Коллаж

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, саясий ачкачылык жарыялагандардын дээрлик баары 28-декабрда акцияны токтотушту. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, жалпы 17 адам ачкачылык жарыялаган — алардын 16сы акцияны токтотту. Ал эми активист Марат Баязов ачкачылыкты улантууда.

Аталган иш боюнча кармалган активист Рита Карасартова ачкачылык акциясын токтотконун айтып, ТИЗО-1ден кат жазды. Ал буга чейин абактагы «жашы улуу эжекелерди бошотушсун деп үн катпай келгенин, бирок алдыда бүтүндүк жана эркиндик үчүн чоң күрөш күтүп турганын» айтты.

«Үн катпай отура берсек өлкөбүздү жоготобуз, ошондуктан “саясий күрөштү баштадым” деп айткым келет. Колдоо көрсөткөнүңөргө рахмат, баарыңар жүрөгүмдөсүнөр», — деди Рита Карасартова.

Аны менен катар ачкачылык акциясын токтоткон оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков дагы абактан кат жазып, алар «максатка жетпей калышканын», бирок эркин жана демократиялуу Кыргызстан үчүн күрөштү уланта берерин белгиледи.

Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалган активист жана саясатчылар ачкачылык жарыялап, айрымдарыныкы эки аптага чейин уланган. Алар нааразылык акциясын сот аларды 20-февралга чейин камакта калтыргандан кийин башташкан.

Укук коргоочулар ТИЗОго иштин фигуранттарынан кабар алып чыгып, алардын кээ биринин акыбалы кооптондуруп жатканын билдиришкен. Ачкачылык жарыялагандардын үчөө саламаттыгына байланыштуу ачкачылыгын токтотушкан.

Ошондой эле нааразылар ачкачылыктын кесепеттери үчүн жоопкерчиликти президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жүктөшкөн.

Ал эми ачкачылык жарыялагандардын жакындары 27-декабрда кайрылуу таратып, «президентке жана башка мамлекеттик органдарга кайрылганы менен майнап чыкпаганын» белгилеп, камактагы жакындарын акциясын тез арада токтотууга үндөшкөн.

Кемпир-Абад иши

Октябрдын аягында укук коргоо органдары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындап, аны коргоо боюнча комитет түзгөн 30га жакын саясатчы менен активисттерди кармаган.

ИИМ анда кармалгандар «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө» шектелип жатканын билдиген. Кармалгандардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулганын» айтышууда. Алар Кемпир-Абад боюнча позициясын «ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат» деп эсептешет.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

Ал эми президент Садыр Жапаров камактагылардын туугандарынын аларды бошотуу кайрылуусуна кимдир бирөөнү бошоткула деп буйрук бере албасын айтып жооп берген.

Өлкө башчысы бул иш боюнча судьялардын ишине эч ким кийлигишпегенин айтып ишендирүүдө. Ал Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар «төңкөрүш жасоону пландашканы үчүн түз эле барып түрмөгө түшүшкөн» деп билдирген. Анын айтымында, айыпталгандар төңкөрүш жасоо пландары, канча адам чогултуу керектиги талкууланган чогулушка барышкан.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын адвокаттары президенттин билдирүүсүнөн кийин Жапаров күнөөсүздүк презумпциясын бузду деп айтып чыгышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кемпир-Абад иши: 20 киши камакта калтырылды

«Эне жүрөгү чыдабайт экен». Клара Сооронкулованын үй-бүлөсү кызын бошотууну талап кылды

Өз алдынча баса албай калды — Абактагы Гүлнара Журабаеванын абалы кескин начарлап кетти

«Кыйноо». Абактагы Бузурманкулов аны шарты «өтө начар» камерага которуп салышканын айтты