Эки миңдей кишиге Кыргызстандын жарандыгы берилди, 205 адам жарандыктан чыгарылды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгуу боюнча жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу 15-январда президенттик администрация кабарлады.

Ага ылайык, 1920 адамга жарандык берилген — алардын көбү өлкөгө кайтып келген этникалык кыргыздар. Ал эми 205 адам жарандыктан чыгарылган.

Президент Садыр Жапаров былтыр үч ирет Кыргызстандын жарандыгын берүү жана жарандыктан чыгаруу тууралуу жарлыктарга кол койгон. Ага ылайык, 6413 кишиге Кыргызстандын жарандыгы берилип, анын басымдуу бөлүгүн этникалык кыргыздар түзгөн.

Ал эми жарандыктан чыгаруу боюнча акыркы резонанс жараткан учур иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн күч менен чыгарылышы болду. Бишкек шаардык соту узаган жылдын 23-ноябрда журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгарып жиберүү чечимин кабыл алган. Соттун чечиминен кийин дароо эле Болот Темировду сот залынан күчтөп алып чыгып, унаа менен белгисиз тарапка алып кетишкен.

Журналистти Орусияга депортациялашкан — ИИМдин маалыматына караганда өлкөдөн чыгаруу мамбюджеттин эсебинен болгон.

Парламент депутаттары, көзкарандысыз юристтер, медиа коомчулук жана эл аралык уюмдар журналист өлкөдөн күч менен чыгарылган айыптап, сот чечимин жокко чыгарууну талап кылышкан. Алардын баары журналистти жарандыктан ажыратуу менен өлкөдөн сыртка чыгарууну — Темировдун конституциялык укугун бузуу жана «чектен ашкан куугунтук» деп эсептешет.

Ал эми юристтер сот Конституцияны одоно бузганын» белгилешкен. Темиров өзү кыргыз бийлигин Эл аралык сотко берерин айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ: Журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу бюджеттин эсебинен болду

ИИМ: Журналист Болот Темиров Кыргызстанга беш жыл кире албайт

Болот Темиров: Эл аралык сотко берип, булардын жүзүн ачабыз