Султанбеков: Энергетикалык бөлүштүрүүчү жеке ортомчу компаниялардын саны 28ден 12ге кыскарды

Өлкөдө энергетикалык бөлүштүрүүчү жеке ортомчу компаниялардын саны 28ден 12ге чейин кыскарды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев фейсбук барагына жазды.

Султанбаев ортомчу компаниялардын санын кыскартуу өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жүргүзүлгөнүн айтты.

«Азыркы тапта электр энергиясын калкка жеткирүү процессинде энергетикалык жеке ортомчу компанияларды толук жою үчүн оптимизациялоо иштери уланууда», — деди ал.

Буга чейин Садыр Жапаров май айынан тарта электр энергиясына болгон баа 0,77 тыйындан 1 сомго кымбаттай турганын билдирген. Жапаров «антпесе энергетика тармагын биротоло жоготуп алуу коркунучу бар» деп белгилеген.

Өткөн жылы ошол кездеги энергетика министри Доскул Бекмурзаев энергетика тармагындагы өндүрүүчү жана бөлүштүрүүчү ишканалар эки компанияга бириге турганын айткан.

Министрлик мындай аракет энергетика тармагындагы чыгымды, электр энергиясын жоготууларды азайтып, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында жасалып жатат деп белгилешкен.

Чилдедеги жарык өчүрүүлөр

Катуу сууктан улам өлкөнүн көпчүлүк аймагында электр жарыгы өчүрүлүп жатат. Айрым тургундар жарык бир нече саатка эле эмес, күн бою өчүп жатканын айтып нааразы болушууда. Буга жооп катары Энергетика министрлиги электр энергиясын өчүрүүнүн бекитилген графиктерин жарыялай баштады.

Өз кезегинде бийлик суук түшкөндөн бери электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүүлөр болуп жатат деген маалыматты четке кагып, бул өчүрүүлөрдү «жөнгө салуучу чаралар» деп атап жатат.

Буга чейин энергетиктер тургундарды «жабдууларды күйүп кетүү жана иштен чыгып калуудан сакташ үчүн электр жарыгы өчүрүлүп турушу мүмкүн» деп эскертишкен.

Энергетиктер азыркы суукта кыргызстандыктар электр энергиясын эң көп керектеп, ал рекорддук чекке жетип жатканын белгилешүүдө. Улуттук энергохолдингдин башчысы Таалайбек Байгазиевдин айтымында, айрым күндөрү керектөөнүн суткалык көрсөткүчү 76,4 миллион кВт/саатка чейин жеткен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өлкө боюнча жарык өчүрүүнүн графиги жарыялана баштады — жарык орточо 1-2 саатка өчөт

Улуттук энергохолдинг рейд жүргүзүп бизнестин электр энергиясын өчүрүп жатат