Финансы министрлиги 2022-жылы энергетика тармагына 15 млрд сомдон ашык акча бөлүнгөнүн билдирди

Сүрөт: КТРК

2022-жылга карата бюджеттен энергетика тармагына жана күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө жалпы 15 млрд 251,3 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу 20-январда Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, «Кыргыз жылуулук энерго» ишканасына жылуулук энергиясына болгон тарифтерди жөнгө салууга 1 млрд 575,5 млн сом бөлүнгөн.

Ал эми бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган тургундар үчүн электр энергиянын баасына карата 50%дык жеңилдиктерге 148,7 млн сом берилген. Бюджеттик мекемелер көмүр жана отундун башка түрлөрүн сатып алууга 305,3 млн сомго каржыланган.

Мамлекеттик бюджеттен каржыланган уюмдарга коммуналдык чарбага байланыштуу чыгымдарына 2 миллиард 403,7 миллион сом бөлүп берилген.

Электр энергиясын импорттоого, Бишкек-Ош шаарларындагы Жылуулук электр станцияларына отун ресурстарын сатып алууга, ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча иш-чаралардын планын ишке ашырууга жана «Бала-Саруу» чакан гидроэлектрстанциясын курууга 10 млрд 567,5 млн сом бюджеттик насыя бөлүнгөн.

Ызгаардагы жарык өчүрүүлөр

Катуу сууктан улам өлкөнүн көпчүлүк аймагында электр жарыгы өчүрүлүп жатат. Айрым тургундар жарык бир нече саатка эле эмес, күн бою өчүп жатканын айтып нааразы болушууда. Буга жооп катары Энергетика министрлиги электр энергиясын өчүрүүнүн бекитилген графиктерин жарыялай баштады.

Өз кезегинде бийлик суук түшкөндөн бери электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүүлөр болуп жатат деген маалыматты четке кагып, бул өчүрүүлөрдү «жөнгө салуучу чаралар» деп атап жатат.

Буга чейин энергетиктер тургундарды «жабдууларды күйүп кетүү жана иштен чыгып калуудан сакташ үчүн электр жарыгы өчүрүлүп турушу мүмкүн» деп эскертишкен.

Энергетиктер азыркы суукта кыргызстандыктар электр энергиясын эң көп керектеп, ал рекорддук чекке жетип жатканын белгилешүүдө. Улуттук энергохолдингдин башчысы Таалайбек Байгазиевдин айтымында, айрым күндөрү керектөөнүн суткалык көрсөткүчү 76,4 миллион кВт/саатка чейин жеткен.

Ал эми 21-январда президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын май айынан тарта электр энергиясына болгон баа 0,77 тыйындан 1 сомго кымбаттай турганын билдирген. Ошондой эле ал өлкөдөгү электр жабдыктары дээрлик 80%га эскиргенин, ал эми электр тармактарынын карызы 137 миллиард сомду түзөрүн белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Садыр Жапаров май айынан тарта электр энергиясына болгон баа кымбаттай турганын билдирди