Бир кадр менен: Жарык үнөмдөө башталгандан кийин коюу түнгө чулганган Эркиндик бульвары

Мэриянын электр энергиясын үнөмдөө чечиминен кийин, 24-январда Бишкектин Эркиндик бульвары караңгылыкка чөмүлдү. «Катуу сууктан» жана электр энергиясын керектөө жогорку чекке жеткендиктен шаар бийлиги түнкүсүн көчөлөрдөгү жарыктандырууну фазалык өчүрүүгө өткөн.

Бульварды Kaktus.media’нын журналисттери сүрөткө тартып алган. Эркиндикте көптөгөн чырактар өчүрүлүп, алыстан коңшу көчөлөрдүн лампаларынын жарыгы көрүнүп турат.

Эркиндик бульвары. Сүрөт: Kaktus.Media

Буга чейин Бишкек мэриясы, «энергосистемадагы абал турукташканга чейин» бульварларда, сейил бактарда, аянттарда, веложолдордо түнкүсүн жарык өчүрүлөт деп билдирген.

Бул демилгени Peshcomдун активистери сынга алган. Журналист Алексей Журавлёвдун айтымында, шаардагы жөө адамдар жана велосипед мингендер жүрчү жайларда жарыкты өчүрүү — опурталдуу: тайгак, кылмыштуулуктун деңгээли жогорулайт, жөө жүргүнчүлөрдү коюп кеткен учурлар болот, авто жолдор жана коомдук транспортто тыгын башталат.

«Шаардык жана мамлекеттик аткаминерлер түнкүсүн аталган жайларда жүрбөйт окшойт […] Жалаң эле автожолдор жарык болуп турса ким эле жөө баскысы келсин?» — деп суроо салды Журавлёв.

Альтернатива катары, урбанисттер мэрияга шаарга акылдуу жарыктандыруу деп аталган системаны киргизүүнү сунушташат. Мындай жарыктандырууда аралыктан туруп эле же датчиктер аркылуу фонарлар электр энергиясын канча керектеп жатканын көрүүгө мүмкүндүк берет.

Ызгаардагы жарык өчүрүүлөр

Катуу сууктан улам өлкөнүн көпчүлүк аймагында электр жарыгы өчүрүлүп жатат. Айрым тургундар жарык бир нече саатка эле эмес, күн бою өчүп жатканын айтып нааразы болушууда. Буга жооп катары Энергетика министрлиги электр энергиясын өчүрүүнүн бекитилген графиктерин жарыялай баштады.

Өз кезегинде бийлик суук түшкөндөн бери электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүүлөр болуп жатат деген маалыматты четке кагып, бул өчүрүүлөрдү «жөнгө салуучу чаралар» деп атап жатат.

Буга чейин энергетиктер тургундарды «жабдууларды күйүп кетүү жана иштен чыгып калуудан сакташ үчүн электр жарыгы өчүрүлүп турушу мүмкүн» деп эскертишкен.

Энергетиктер азыркы суукта кыргызстандыктар электр энергиясын эң көп керектеп, ал рекорддук чекке жетип жатканын белгилешүүдө. Улуттук энергохолдингдин башчысы Таалайбек Байгазиевдин айтымында, айрым күндөрү керектөөнүн суткалык көрсөткүчү 76,4 миллион кВт/саатка чейин жеткен.

Ал эми 21-январда президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын май айынан тарта электр энергиясына болгон баа 0,77 тыйындан 1 сомго кымбаттай турганын билдирген. Ошондой эле ал өлкөдөгү электр жабдыктары дээрлик 80%га эскиргенин, ал эми электр тармактарынын карызы 137 миллиард сомду түзөрүн белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Садыр Жапаров май айынан тарта электр энергиясына болгон баа кымбаттай турганын билдирди