Дүйнөлүк банк жана Швейцариянын өкмөтү Кыргызстандын энергетика тармагына 8 млн доллар берет

Кыргызстан Дүйнөлүк банк менен Швейцария өкмөтүнөн энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн 8 млн доллар грант алат. Тийиштүү макулдашууга 31-январда финансы министри Алмаз Бакетаев Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хасан Накви менен Швейцария элчиси Оливье Бангертеранын катышуусунда кол коюшту.

Швейцариянын элчилигинен Кыргызстандын энергетика тармагындагы көйгөйлөр жыл сайын курчуп баратканын белгилешти: электр энергиясынын жетишсиздиги, жарык берүүдөгү үзгүлтүктөр жана жабдуулардын иштен чыгышы. Алардын айтымында, бул тармактын 137 млрд сом же 1,5 млн доллар карызы бар, бул ИДПнын 20% түзүп, өлкө үчүн «оор финансылык көйгөй» болууда.

«Бул кышта Кыргыз Республикасы электр энергиясын керектөөнүн эң эле тарыхый чегине жетип, күз-кыш жылытуу мезгилинен өтүү үчүн өлкөнүн энергетиктерин чоң күч жумшоого аргасыз кылды. Энергетикалык тармакты модернизациялоо жана аны өлкөнүн “жашыл” тармактагы кыймылдаткычы катары туруктуу өнүгүшүн камсыздоо муктаждыгы курч турат», — деди Накви.

Өз кезегинде финансы министри Бакетаев долбоор 58 млн долларга эсептелгенин жана ал 2028-жылга чейин ишке ашырыларын айтты.

Долбоор төрт багытты камтыйт:

  • электр жарыгын бөлүштүрүүчү тармактарды реконструкциялоо жана модернизациялоо;
  • бөлүштүрүүчү тармактарды санариптештирүү;
  • энергетика тармагы үчүн артыкчылыктуу болгон реформаларды иштеп чыгып, ишке ашыруу үчүн институционалдык өнүктүрүү;
  • социалдык коргоо системасын бекемдөө.

Швейцария элчиси Оливье Бангертердин айтымында, долбоор өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөнү, финансылык көрсөткүчтөрдү жакшыртууга жана калктын аярлуу катмарын социалдык жактан коргоо механизмин түзүүгө багытталган.

Андан тышкары, долбоор бардык эл аралык стандарттарга ылайык ишке ашырылат, анын ичинде сатып алуу тартиби, каржылык башкаруу жана антикоррупциялык принциптер бар.

Ызгаардагы жарык өчүрүүлөр

Катуу сууктан улам өлкөнүн көпчүлүк аймагында электр жарыгы өчүрүлүп жатат. Айрым тургундар жарык бир нече саатка эле эмес, күн бою өчүп жатканын айтып нааразы болушууда. Буга жооп катары Энергетика министрлиги электр энергиясын өчүрүүнүн бекитилген графиктерин жарыялай баштаган.

Өз кезегинде бийлик суук түшкөндөн бери электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүүлөр болуп жатат деген маалыматты четке кагып, бул өчүрүүлөрдү «жөнгө салуучу чаралар» деп атап жатат.

Буга чейин энергетиктер тургундарды «жабдууларды күйүп кетүү жана иштен чыгып калуудан сакташ үчүн электр жарыгы өчүрүлүп турушу мүмкүн» деп эскертишкен.

Энергетиктер азыркы суукта кыргызстандыктар электр энергиясын эң көп керектеп, ал рекорддук чекке жетип жатканын белгилешүүдө. Улуттук энергохолдингдин башчысы Таалайбек Байгазиевдин айтымында, айрым күндөрү керектөөнүн суткалык көрсөткүчү 76,4 миллион кВт/саатка чейин жеткен.

Ал эми 21-январда президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын май айынан тарта электр энергиясына болгон баа 0,77 тыйындан 1 сомго кымбаттай турганын билдирген.

Ошондой эле ал өлкөдөгү электр жабдыктары дээрлик 80%га эскиргенин, ал эми электр тармактарынын карызы 137 миллиард сомду түзөрүн белгилеген.

Энергетика тармагындагы коррупция бийликтин ага каршы күрөшүү аракеттерине карабастан эң эле коррупциялашкан тармак бойдон калууда. Прокурорлордун бул тармактагы акыркы текшерүүсү мамлекетке 878 млн сом зыян тийгизилгенин аныктаган.