АКШ элчилиги Кыргызстандын донорлор менен тыгыз кызматташуусун жактайт. Эксперттер эмне дейт?

Американын элчилиги Твиттердеги барагында АКШ «эл аралык каржы институттарынын алдыңкы колдоочусу жана донору болгонуна сыймыктанат» деген билдирүүсүн жарыялады. Билдирүүдө элчиликтин кызматкерлери «экономиканын өсүшүнө жана өнүгүүсүнө көмөктөшүү үчүн бул институттар жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен тыгыз кызматташууну улантууга умтулат» деп айтылат.

Саясат талдоочу Марс Сариев Кошмо Штаттар өз билдирүүсү менен эгер Кыргызстан эл аралык укуктун ченемдерин сактабаса, эл аралык каржы институттарынан каражат алууда кыйынчылыктарга кабылып калышы мүмкүн экенин кыйытып жатат деп эсептейт.

«АКШ элчилигинин билдирүүсү Кыргызстандын өкмөтүнө Кемпир-Абад иши боюнча жана “Азаттык” радиосунун сайтынын жабылышы боюнча эскертүү болуп эсептелет», — деди саясат талдоочу «Клоопко» курган маегинде.

Ал эми саясат таануучу Эмилбек Жороев Кыргызстанда Кремлдин маалымат каражаттарынын Батыш менен АКШга карата риторикасына окшош сөздөр айтылып жүргөнүн кошумчалады. Айрыкча, батыштык уюмдардын акчасына өлкөнү туруксуздаштырып жана бүлүнтүүнү каалайт делген «чет элдик тыңчылар» жөнүндө сөз болуп жатат.

Ошол эле учурда, Жороевдин айтымында, Кыргызстан дайыма эл аралык каржы инстуттардын жардамына муктаж, ал эми бул жерде Кошмо Штаттар негизги донор.

«Кыргызстан түз эле АКШдан жардам сурап калат. Бул контексттен алып караганда, балким, АКШнын элчиси алар менен Кыргызстандын ортосунда кандай алака бар экенин эске салгысы келгендир», — деп жыйынтыктады сөзүн Жороев.

АКШ элчилиги өз билдирүүсүн батыш донорлорунан грант алган көз карандысыз медиалар менен бейөкмөт уюмдардын дарегине бийликтин сыны күчөп жаткан шартта жарыялады. Кыргыз бийлиги бейөкмөт секторду жана «Азаттык» сыяктуу көз карандысыз медиаларды өлкөдөгү абалды туруксуздаштырып жатат деп айыптаган учурлар арбын.

Президенттик администрация «Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү» мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. [...] Бийлик эгер мыйзам долбоору кабыл алынса «мамлекеттин мыйзамдуу кызыкчылыктарын бейөкмөт уюмдардын уставдык эмес жана мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн коргоо үчүн [...] бекем укуктук база түзүлөт» деп эсептейт.

Мындан тышкары, бийлик ЖМК жөнүндө жаңы мыйзамды дагы даярдап жатат, аны юристтер «пикир айтуу эркиндигине коркунуч туудурат» дешүүдө.

Буга чейин кабыл алынган фейктер тууралуу чуулгандуу мыйзам Маданият министрлигине «Азаттыктын» сайтын бөгөттөгө, аны менен кошо мекеменин өлкөдөгү ишмердигин токтотуу талабы менен сотко кайрылганга жардам берген.

Ошол эле кезде мамлекет бүгүнкү күнгө чейин негизги грант алуучу болуп эсептелет. Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, Батыш акчаны Кыргызстандын социалдык жана энергетикалык тармактарына берет. Гранттын жардамы менен бийлик бюджеттин жыртык-тешигин бүтөйт, социалдык көйгөйлөрдү чечет, өз институттарын санариптештирет жана башкаларды кылат.

Ири эл аралык институттар, анын ичинде Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фонду дүйнөнүн 190дон ашык өлкөсү тарабынан каржыланат жана башкарылат. Алардын катарында АКШ да бар, анын бул уюмдарда чечүүчү добушу үстөмдүк кылат. Мындан тышкары, АКШнын эл аралык каржы институттарына «көйгөй жараткан өлкөлөргө» насыя берүүгө тыюу салып коюга укугу бар.