Кыргызстан Туркиядагы зилзаладан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн дарыгерлер тобун жиберет

Кыргыз бийлиги Түркиядагы зилзалада жабыркагандарга жардам берүү үчүн 12-февралда 100 куткаруучу жана алты дарыгерди жиберет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков фейсбук барагына жазды.

Анын айтымында, Түркияга куткаруучулар менен берге дагы 120 боз үй, 20га чукул аскер чатыры, талаа госпиталына ылайык бир чатыр жана башка да гуманитардык жардамдар жөнөтүлөт.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги Түркияга жиберилчү дарыгерлер жогорку квалификациялуу нейрохирург, травматолог, реаниматолог, анестезиолог, кан тамыр хирургу жана жалпы профилдеги хирург экенин белгилешти.

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги.

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова дарыгерлер ӨКМдин мобилдик госпиталында иш алып барарын билдирди.

«Түркия биз жардамга муктаж болгондо ар дайым жардам колун сунуп келет, биз дагы боордошторубуз үчүн ушундай оор мезгилде аларды колдоого милдеттүүбүз. Андыктан дарыгерлер тобу Түркиянын жабыр тарткан аймактарына барып, жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтөт», — деди министр.

Аны менен катар, Баатырова медиктер Түркиядагы жабыркагандарга жардам катары бир күндүк эмгек акысын которорун кошумчалады.

Түркия жана Сириядагы зилзала

Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сирияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө 6-февралда жергиликтүү саат боюнча эртең мененки 04:17 чамасында башталган.

The Guardian басылмасынын маалыматына ылайык, зилзаланын кесепетинен эки өлкөдө каза болгондордун саны кеминде 23 миңден ашты.

Кыргыз бийлиги Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачкан.

Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги расмий билдирүү таратып, жер титирөөдөн жабыркаган аймактардын жашоочуларына көмөк көрсөтүүнү каалагандарга буюмдардын тизмесин түзгөн.

Буга чейин кыргыз бийлиги Түркияга 67 куткаруучу, 100 боз үй жана гуманитардык жардам жиберген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Түркиядагы зилзаладан жабыркагандарга жардам чогултуу үчүн эки пункт ачылды

ИИМ Түркиядагы зилзалада жабыркагандарга 3 тонна гумжардам жөнөттү