ТИМ: Түркиядагы зилзалада каза болгон кыргызстандык аялдын сөөгү мекенине жөнөтүлөт

Тышкы иштер министрлиги Түркиядагы зилаланын кесепетинен Хатай шаарында кыргызстандык аял каза болгонун 11-февралда тасыктады.

Маалыматка ылайык, каза болду делген 37 жаштагы аялдын ким экенин анын туугандары аныктады.

Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугунун кызматкерлери маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүүгө документтерди даярдоого жардам берүү үчүн Хатайда экени кабарланды.

Бул маалыматты ӨКМден да тастыкташты. Билдирүүдө куткаруучулар аялдын сөөгүн 11-февралда урандынын астынан алып чыгышканы айтылат.

10-февралда «Азаттык» басылмасы Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугуна таянып, Түркиянын Хатай провинциясында жер титирөөдөн улам 37 жаштагы кыргызстандык жарандын каза тапканын жазган. Бирок ТИМден бул маалымат азырынча тастыктала элек деп билдиришкен.

Түркия жана Сириядагы зилзала

Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сирияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө 6-февралда жергиликтүү саат боюнча эртең мененки 04:17 чамасында башталган.

The Guardian басылмасынын маалыматына ылайык, зилзаланын кесепетинен эки өлкөдө каза болгондордун саны кеминде 28 миңден ашты.

Кыргыз бийлиги Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачкан.

Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги расмий билдирүү таратып, жер титирөөдөн жабыркаган аймактардын жашоочуларына көмөк көрсөтүүнү каалагандарга буюмдардын тизмесин түзгөн.

Аны менен катар Кыргызстан Түркияга жардамга ӨКМдин 67 куткаруучусун жөнөткөн. Кийинчерээк кыргыз бийлиги гуманитардык жардам жана 100 боз үй жиберген.

12-февралда Түркияга дагы 100 куткаруучу жана алты дарыгер, 120 боз үй жана 20га чукул аскер жиберилери кабарланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстан Туркиядагы зилзаладан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн дарыгерлер тобун жиберет

Видео: Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда урандынын астынан өспүрүмдү тирүү табышты