ТИМ: Түркиядагы зилзаладан кыргызстандык жарандын каза тапканы тууралуу маалымат тастыктала элек

Түркиядагы зилзаланын кесепети. Сүрөт: «Хабертүрк» басылмасы

Тышкы иштер министрлиги «Клоопко» Түркиядагы күчү 7 баллдан ашкан жер титирөөдө бир кыргызстандык жарандын каза тапканы тууралуу маалыматты тастыктаган жок. Буга чейин мындай маалыматты жергиликтүү басылмалар жазып чыккан.

Билдирүүгө караганда, учурда буга чейин жергиликтүү басылмаларда каза тапканы айтылган жарандын жашаган жеринде куткаруу иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми азыркы тапта жаран менен байланышууга мүмкүн болбой жатат.

«Окуя болгон жерде Кыргыз Республикасынын Анталиядагы Башкы консулдугунун жетекчиси жана кызматкерлери иш алып барып жатышат. Маселенин курч экенине байланыштуу Тышкы иштер министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарынан такталбаган маалыматтарды таркатпоону суранат», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин «Азаттык» басылмасы Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугуна таянып, Түркиянын Сирия менен чектешкен Хатай провинциясында жер титирөөдөн улам 37 жаштагы кыргызстандык жарандын каза тапканын билдирген.

Ага ылайык, Хатайда карыяга кам көрүп иштеп жүргөн кыргызстандык аял кырсыкта урандылардын астында калып көз жумганы тууралуу маалыматты консулдукка иш берүүчү үй-бүлө тастыктаган. Ал эми маркумдун өздүгү тууралуу толук маалымат берилген эмес.

Түркия жана Сириядагы зилзала

Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сирияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө 6-февралда жергиликтүү саат боюнча эртең мененки 04:17 чамасында башталган.

Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (AFAD) 9-февралга карата расмий маалыматына ылайык, зилзала 17 миң 134 адамдын өмүрүн алып, 70 миң 347 киши жарадар болгон.

Ал эми Сирияда каза болгондордун саны 3162ге жеткени жана 5235 киши жабыр тартканы кабарланат. Каза болгондор тууралуу маалымат дагы да такталууда.

Кыргыз бийлиги Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачкан.

Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги расмий билдирүү таратып, жер титирөөдөн жабыркаган аймактардын жашоочуларына көмөк көрсөтүүнү каалагандарга буюмдардын тизмесин түзгөн.

Аны менен катар Кыргызстан Түркияга жардамга ӨКМдин 67 куткаруучусун жөнөткөн. 9-февралда ӨКМ кыргыз куткаруучулары урандылардын астынан 19 кишинин сөөгүн алып чыгышканын билдирген.

Ошондой эле Кыргызстан Түркияга жардам көрсөтүү максатында кошумча 100 куткаруучу, эки үйрөтүлгөн ит, гуманитардык жардам жана 100 боз үй жиберери маалым болгон.

Буга чейин кырсыктан Түркиянын Адана шаарында жашаган бир кыргыз жараны жабыркаганы айтылган. Маалыматка караганда, 39 жаштагы кыргызстандыкка керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, ушул тапта абалы канааттандырарлык, ооруканадан чыгарылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Түркиядагы зилзала: Кыргызстандан барган куткаруучулар 19 кишинин сөөгүн табышты

Кыргызстан Түркияга 100 боз үй жана 100 куткаруучу жиберет