Элвира Сурабалдиева: Парламенттин спикери менден Ташиевден кечирим сураңыз деди

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев депутат Элвира Сурабалдиевадан парламенттеги кайым айтыштан кийин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевден кечирим суроону суранган. Бул тууралуу Сурабалдиева журналист Майраш Базлакуновага курган кеңири маегинде билдирди.

Депутат менен УКМКнын башчысынын ортосундагы кайым айтышуу 2022-жылдын ноябрында болгон. Анда Сурабалдиева Ташиевге ал «каалаганын калчап, каалаганын коркуткан Кыргызстандын айтылбаган экинчи президенти экенин» айткан.

Журналист Сурабалдиевадан бул сөзүнөн кийин Ташиевдин ага карата мамилеси өзгөрдүбү-жокпу деп сурады.

«Парламенттин төрагасы мени чакырып, УКМКнын жетекчисинен трибунага чыгып кечирим сураңыз деди. […] Эми мен парламентке аткаруучу бийликте иштеген адамдардан кечирим сураганы барган эмесмин да? Мени шайлап жатканда намыстуусуңбу, канчалык кайраттуусуң, акыйкат үчүн туруп бересинби деп мени карапайым эл шайлаган да», — деп жооп берди эл өкүлү суроого.

Ал УКМКнын кызматкерлери Ташиевдин тапшырмасы менен анын бизнеси бар туугандарына бат-бат текшерүүгө келип, коркутуп жатканы үчүн Ташиевге ошол сөздөрүн айтканын белгиледи.

«Менин бизнесим бар экенин баары билет, ал [бизнес] 7 жылдан бери бар. Мындай [текшерүүлөр, коркутуулар] ар бир бийликтин учурунда болот экен. Атамбаевдин (мурдагы президент Алмазбек Атамбаев) учурунда Икрам Илмиянов (президенттин аппараттын жетекчисинин экс-орун басары), Фарид Ниязов (президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси), Жээнбековдун (экс-президент Сооронбай Жээнбеков) учурунда иниси болгон, азыркы президенттин учурунда деле ушундай болуп жатат го, бул болуп эле жүргөн иш», — деди Сурабалдиева.

Депутат кечирим сурабайм деп так чечим чыгаргынын билдирди. Ал кечирим сураганга негиз жоктугун жана «бул иштин артында ким турганын эл деле түшүнөт» деп эсептейт.

«Ошондо мени кечирим сурасын деп коркутуп жаткандары түшүнүктүү болот», — дейт эл өкүлү.

Ташиевдин парламенттеги агрессиясы

Ташиев парламентте айтылган сындарды же эскертүүлөрдү кабыл албай оройлугун көрсөткөн учурлар кездешип турат.

Сурабалдиева менен болгон кайым айтышка чейин Ташиев депутат Өмүрбек Бакировду дагы сөккөнү белгилүү. Бакиров Сурабалдиева сыяктуу эле Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан депутаттардын бири. Депутат ал учурда Кемпир-Абад боюнча суроолорду берип, суу сактагыч боюнча макулдашууну түзүүдө жол берилген кемчиликтерге көңүл бурууну суранган болчу.

«Бышырып жегидей сиз эмне, кекиликсизби? Өзүң айтып жатпайсыңбы мени бышырып же деп. Ким сени бышырып жейм деп атат? [...] Эмнеге мени коркутасың? Эмнени убакыт көрсөтөт экен? Энеңди сигейин!» — деп сөгүнгөн Ташиев. Арадан эки күн өткөн соң депутат жетинчи кабаттагы иш бөлмөсүнөн чыгарылган — анын иш кабинетинин эшигин бузуп кирип, буюмдары алып чыгып коюшкан.

Атайын кызматтын башчысы башка дагы эл өкүлдөрү, мисалга, «Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык фракциясынын лидери Адахан Мадумаров менен да урушкан. Парламенттин 2022-жылдын июлундагы жыйынында ал эл өкүлүн «биринчиден колуңду сындырам», андан кийин «камайм» деп коркуткан. Андан кийин Ташиев дагы төрт депутат менен кайым айтышкан.

2022-жылдын сентябрында атайын кызматтын башчысы эреженин баарын бузуп, парламентке эки жашик автомат алып келген. Анын аракетин жакын досу, президент Садыр Жапаров Ташиев жөн гана «эмоцияга алдырып койду», эл «анын акыбалын деле туура түшүнүшү керек» деп түшүндүргөн.

Тема боюнча:

«Энеңди сигейин». УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев депутат Өмүрбек Бакировду сөктү

«Азырынча көчөдө жүрөм». Депутат Бакировго дагы деле жаңы иш бөлмө бериле элек

Мадумаров УКМК башчысы парламентке «курал-жарак алып келгенин» айтты

Видео: Камчыбек Ташиев депутат Адахан Мадумаровду камаймын деп бир нече жолу коркутту