Садыр Жапаров: Пара үчүн кармалган Бейшеналиев замандын талабына жооп берген менеджер эле

Президент Садыр Жапаров 25-февралда билим берүү министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев менен жолукту. Жапаров накыл-насааттарын айтып, мурдагы министр Алмазбек Бейшеналиевдин катачылыктарын эске салды.

«Буга чейинки министрди ишенип койгонбуз, эсиңизде болсо керек. Тилекке каршы, пара ала коюп кармалы, ал министр кызматтан кетти», — деди Жапаров.

Анткен менен Жапаров «адамдар пендечилик кылат экен, Бейшеналиев жакшы министр» болчу деп эсептейт.

«Өзү дагы алдыга умтулган, прогрессивдүү жакшы министр эле, бүгүнкү замандын талабына жооп берген менеджер, реформа кылып жаткан министр эле, бирок тилеке каршы, адам баласы пендечилик кылат экен, өзүнөн кетип калды. Сизге мен ишенем, пара алууга барбайсыз, таза иштеп бересиз деп ушул кызматка койдум», — деди Жапаров.

Каныбек Иманалиев — публицист, Жогорку Кеңештин төрт чакырылышында депутат болгон. Ошондой эле ал бир нече жолу жөө жүрүштөргө, тынчтык митингдерине катышкан. Мисалы, 2020-жылы Конституцияны өзгөртүүгө каршы марштарга чыккан.

2020-жылдагы парламенттик шайлоодо Матраимовдордун кланы менен байланышы бар делген «Мекеним Кыргызстан» партиясынын жыйынында да байкалган. Бирок Иманалиев анын курамына кирген эмес.

Президент Садыр Жапаров 24-февралда аны билим берүү министринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

Бейшеналиевдин кармалышы

Алмазбек Бейшеналиев 28-сентября 10 миң АКШ доллар пара алып жатканда кармалган. ИИМдин маалыматка ылайык, Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди өлкөдөгү жогорку окуу жайларга кабыл алуу токтомдорун даярдоо үчүн жалпысынан 110 миң доллар талап кылган.

10 доллар өлчөмүндөгү сумма Бейшеналиевден кармалган жеринде конфискацияланган. Калган акчаны чиновник, ИИМден билдиришкендей, тергөө учурунда өз эрки менен кайтарып берген.

Сентябрдын аягында сот Бейшеналиевди 2022-жылдын 28-ноябрына чейин камакка алган. Кийинчерээк Жапаров аны министрлик кызматынан бошотуп, ордуна Уланбек Мамбетакуновду дайындаган.

Октябрдын аягында Бейшеналиев үй камагына чыгарылган.