Активист Өндүрүш Токтонасыровду 3 миң сом айып пул төлөтүү чечими күчүндө калды

Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камалгандарды колдоп чыккан активист Өндүрүш Токтонасыровго карата Биринчи май райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу активист өзү 28-февралда кабарлады.

Анын айтымында, 10-январда ал ИИМдин алдында Кемпир-Абад боюнча кармалгандарды колдоо акциясына катышкан. Анда күч органдары митингге келген 26 адамды кармап кетип, анын ичинен 5 кишиге протокол түзүлгөн.

Алардын арасында активист Токтонасыровго «Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө» беренеси менен протокол түзүлүп, Биринчи май райондук соту ага 3 миң сом айып салган.

Токтонасыров шаардык сот чечимди өзгөртүүсүз калтырганына нараазы болуп, чечимди даттанаарын билдирди. Ошондой эле ал акция учурунда аны зордоп кармаган жарандык кийимчен кишилерди, автобуска салган милиционерлерди сотко чакыруу өтүнүчү четке кагылганын белгиледи.

«Кыскасы, соттук иш эптеп-септемейликке салынып бүттү. Мындай чечимге макул эмесмин. Башкы прокурорго, БУУ, ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмдарга арыз менен кайрылам», — деди ал.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан.

Укук коргоочу уюмдар жана кармалгандардын жакындары муну саясий куугунтук деп атап, калыс териштирүүнү суранып президентке кайрылып, ошондой эле бир катар нааразылык акцияларына чыгышкан.

Кийинчерээк абактагы 19 активист ачкачылык жарыялаган. Ачкачылык жарыялагандан кийин көпчүлүгүнүн ден соолугу начарлап, айрымдары аларды ооруканага которууну талап кылышкан. Абактагылар «күнөөлөрү жоктугун» айтышып, аларды бошотууну талап кылып келишет.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келген. Анда Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга өткөрүлүп берилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын энелери жана жакындары акцияга чыгышты

Куршаб: Кемпир-Абад боюнча кармалган активист Акыл Айтбаевдин тарапташтары митингге чыгышты

Бир сүрөт менен: Бишкекте Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары чогулду

Активист Өндүрүш Токтонасыровго үч миң сом айып салынды