«Саботаж кылып жатышат». Экономика министри салык боюнча митингге чыккандарды айыптады

Данияр Амангелдиев

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев көзөмөл салык системасына киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө каршы нааразычылык акциясына чыккандарды «саботаж кылып жатат» деп айыптады. Министр мындай пикирин 13-мартта парламенттин жыйынында билдирди.

«Митингге чыккандардын баарынан сурасаңыз ККМ жана ЭТТК эмне экенин, салыктын көлөмүн кантип төлөш керек экенин баарын жакшы билишет. Маселе алар саботаж кылып, “мен муну каалабайм” дегенинде болуп жатат. Ушундай боло береби? Мындай болбойт. Диалог конструктивдүү болушу керек. Салыктын көлөмү балким өтө чоңдур, бизнес үчүн оор болушу мүмкүн. Анда диалог ушул багыт боюнча болуш керек, эрежелер боюнча эмес», — деди Амангелдиев.

Министр патент системасы убактылуу гана колдонууда болгонун, жаңы киргизилип жаткан өзгөртүүлөр салык системасын жакшырта турганын айтты.

Узаган апталарда Бишкек, Нарын жана Таластагы ишкерлер көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) милдеттүү киргизүүгө жана электрондук товардык транспорттук коштомону (ЭТТК) колдонууга каршы байма-бай нааразычылык акциясына чыгып жатышат.

Акцияга катышкан жүздөгөн адамдар патент системасын калтырууну талап кылышууда.

Буга чейин, президент Садыр Жапаров 11-мартта Нарын шаарында салык системасындагы өзгөрүүлөргө каршы митингге чыккан эл менен жолугуп, көзөмөл-кассалык машиналарсыз салыктар толук түрдө чогулбай жатканын белгилеген.

ККМ жана ЭТТК деген эмне?

Көзөмөл-кассалык машина (ККМ) — бул маалыматты салык кызматынын бирдиктүү маалыматтык тутумуна онлайн режиминде жөнөтүп турган аппарат. Аны товар сатууда же кызмат көрсөткөн учурда колдонуу керек.

ККМ аппаратын сатып алуунун ордуна ишкерлер кадимки эле ККМдин функциясын аткарган мобилдик колдонмону телефонго жүктөп алса болот.

2021-жылдын аягында президент жарлыкка кол койгон, анда ишкерлерди иш учурунда көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууну баштоого милдеттендирген.

Бирок ишкерлердин нааразычылыгынан кийин бийлик базарлардын, кичи базарлардын, жарманкелердин жана көргөзмөлөрдүн аймагында иш алып барган субъекттерге 2023-жылдын 1-апрелине чейин кассалык аппаратсыз иштөөгө мүмкүнчүлүк берген.

Электрондук товардык транспорттук коштомо (ЭТТК) 2023-жылдын башынан тартып милдеттүү болуп калды. Мурда соодагерлерге коштомо кагаз түрүндө гана жетиштүү болсо, азыр электрондук документ керектелет.

Аны каттоо үчүн соодагерлер Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык системасында «Жеке кабинет» ачышы зарыл, ал жерге ар бир товарга коштоочу кагаздардын электрондук версиясы киргизилиши керек.

Февраль айынын аягында Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылы ишкерлер туш болгон кыйынчылыктардан улам ЭТТК колдонбогону үчүн айып пул салынбай турганын айткан.

ККМге каршы митингдер көп болуп, ишкерлер Акылбек Жапаровдун отставкасын талап кылышкан. Мындан улам Акылбек Жапаров соңку интервьюларынын биринде «зарыл болсо КММди базарларда киргизбей туруу мүмкүнчүлүгүн карайбыз» деп билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президент Жапаров Нарында митингге чыккан эл менен жолугуп, ККМ боюнча пикир билдирди

Ошто салык органдары ишкерлерге митингге чыгууга тыюу салышы боюнча иликтөө башталды

Бишкекте ишкерлер ККМ менен ЭТТКга каршы кайрадан митингге чыгышты

«Акылбек Жапаров кетсин!». Бишкекте соодагерлер ККМ жана ЭТТКга каршы митингге чыгышты