Ош: Депутаттар шаардагы көйгөйлүү таза суу долбоору менен таанышышты

31-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Ош шаарындагы таза суу системасын реконструкциялоо, Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү долбоорлору менен таанышышты.

Мэриядан билдиришкендей, калаа башчысы Алмаз Мамбетов депутаттарга долбоорлор боюнча маалымат берген. Эл өкүлдөрү долбоорлорду жана идеяларды «жактырганын» айтышып, аларды «эл аралык жана бейөкмөт уюмдарга сунуштоо зарыл экенин» белгилешкен.

«Эл өкүлдөрү аталган долбоорду Ош шаарынын тургундарынын кызыкчылыгы үчүн ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти», — деп жазылат мэрия тараткан маалыматта.

Ош шаарында жамгыр жааган сайын суу берүү токтотулуп, айрыкча көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары үчүн бир топ ыңгайсыздыктар жаралат.

Мэриядан суу көйгөйүнүн негизги себептеринин бири — Ак-Буура дарыясынын үстү жагында жайгашкан кум карьерлери экенин айтышкан. Жаан жааган сайын аталган карьерден түшкөн ылайка суу дарыяга кошулуп булганат.

Мындан улам мэрия суу алынчу плотинаны дарыянын баш жагына жылдырууну пландап жатат. Ал үчүн 2 км 400 метрлик түтүк жердин үстү менен тартылып келинет. Бул иштер үчүн Азия өнүктүрүү банкы 3 млн АКШ долларын бөлүп бермей болгон. Май айында мэрия журналисттерге жана активисттерге пресс-тур уюштуруп, аталган долбоор боюнча маалымат берген.

Кененирээк окуңуз: 3 млн доллар сарпталчу долбоор. Ош мэриясы таза суу көйгөйүн кантип чечет?

Чечилбеген көйгөй, мэрлердин убадалары

Мэр Алмаз Мамбетов калаага башчы болуп дайындалганынын эртеси күнү эле таза суу көйгөйүн сезгенин айтып, маселени чечүү үчүн «варианттар каралып жатат» деп билдирген болчу.

«Суу өчүрүлгөнү өзүмө да сезилди, анткени эрте менен турсаң суу жок. Азыр 21-кылымда суу жок деген түшүнүк болбош керек го деп ойлоймун. Ошту таза суу менен камсыздоо маселесин толугу менен чечүү үчүн Куршаб айылынан суу тартылат — ага 3 млрд сомго чейин каражат сарпталышы мүмкүн», — деген Мамбетов.

Буга чейин Оштун экс-мэри, учурдагы парламенттин депутаты Таалайбек Сарыбашов да суу көйгөйүн чечүүнү убадалап келген. Азыркы долбоор анын тушунда башталып, экс-мэр өзү Азия өнүктүрүү банкы 3,5 млн доллар бөлүп бермей болгонун айткан.

Анын 500 миң долларына суу тазалоочу жайга хлорат жабдыгы алынган. Сарыбашов долбоорду аягына чыгара электе кызматынан кеткен. Анын тушунда башталган долбоорду учурдагы мэр Алмаз Мамбетов ишке ашырууда.

Ошол эле учурда Сарыбашов каатчылык мезгилде Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү долбоорун баштаган. 2020-жылдын башында мэрия пандемияга карабастан дарыянын жээгин жашылдандыруу жана көрктөндүрүү долбоорун иштеп чыгуу үчүн 1 млн 200 миң сом каражат бөлүнгөн.

Бирок 2021-жылдын сентябрында УКМК көрктөндүрүү иштери боюнча тендерге байланыштуу Ош мэриясынын кызмат адамдарына карата «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачкан.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын февралында мэрия аталган долбоордун экинчи этабы үчүн Дүйнөлүк банктан 250 млн сом грант алары белгилүү болгон.

Мэриядан «суу маселесин чечпей туруп Ак-Буураны көрктөндүрүүгө зарылчылык барбы» деген суроого «каражат жетиштүү болгондуктан эки иш тең жүрө берет» деген жооп беришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Экс-мэр Сарыбашов: Ошту таза суу менен камсыздоого 3,5 млн доллар сарпталат

Ош мэриясы Ак-Бууранын жээгин көрктөндүрүүгө Дүйнөлүк банктан 250 млн сом грант алат

Оштогу Ак-Буура дайрасын оңдоп-түзөө тендерин ким уткан? — Kaktus.mediaнын иликтөөсү

УКМК: Ак-Буураны көрктөндүрүү долбоору боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

Ош мэриясы Ак-Бууранын жээгиндеги жер тилкелерин оюн-зоок жайларды куруу үчүн ижарага берет

Ош шаары: Ак-Бууранын жээгин оңдоо боюнча ири долбоор ишке ашырыла баштады