Ош: Жаңы жылдан тартып шаарда таза суунун тарифи жогорулайт

Ошто сууга кезек күткөн тургундар. Сүрөт: Жыргал Чоноев

Жаңы жылдан тартып Ош шаарында таза суунун тарифи көтөрүлөт. Бул тууралуу «Клоопко» 7-декабрда шаардык суу чарба башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Талант Байкишиев билдирди.

Билдирүүгө ылайык, эми тургундар ичүүчү суунун бир куб метри (1 тонна) үчүн 6 сом 88 тыйындан төлөшөт. Ал эми саркынды сууларды тазалоонун тарифи 4 сом 20 тыйынды түзөт.

Акыркы жолу таза сууга болгон тариф мындан он жыл мурун, 2012-жылы көтөрүлүп, 5 сом 31 тыйынды түзгөн. Ал эми саркынды суу үчүн тургандар 2 сом 90 тыйындан төлөп келген.

Жогорулатылган тариф 2023-жылдан тарта күчүнө кирет.

«Ош сууканал» муниципалдык ишканасы жалпы 86 миң абонентти тейлейт. Буга чейин өлкө боюнча таза сууга эң төмөнкү тариф Ош шаарында болгон.

Чечилбеген көйгөй, мэрлердин убадалары

Оштун мурдагы мэри Алмаз Мамбетов калаага башчы болуп дайындалганда эртеси күнү эле таза суу көйгөйүн сезгенин айтып, маселени чечүү үчүн «варианттар каралып жатат» деп билдирген болчу.

Андан мурун Оштун экс-мэри, учурдагы парламенттин депутаты Таалайбек Сарыбашов да суу көйгөйүн чечүүнү убадалап, шаарды таза суу менен камсыздоо долбооруна Азия өнүктүрүү банкы 3,5 млн доллар бөлүп бермей болгонун айткан.

Анын 500 миң долларына суу тазалоочу жайга хлорат жабдыгы алынган. Сарыбашов долбоорду аягына чыгара электе кызматынан кеткен. Анын тушунда башталган долбоорду кийинки экс-мэр Алмаз Мамбетов ишке ашыра электе кызматтан алынган.

Үстүбүздөгү жылдын май айында катуу жааган жамгырдан улам Ошто үч күн таза суу берүү токтотулган. Мындан улам калаа тургундары социалдык тармактарга бийликтен суу берүүнү талап кылып, наарызычылык билдиришкен.

Ал эми шаар бийлиги мунун себебин суу ылайланып жатканы менен түшүндүргөн.

19-майда 30дай тургун таза суу көйгөйү боюнча «Миллиондор кайда кетти?», «Укугубузду тебелеп жатат» деген плакаттар менен митингге чыгышкан. Катышуучулар «бийлик таза суу маселеси боюнча долбоорду ушул жылы колдоого алсын» деп талап кылышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Депутаттар шаардагы көйгөйлүү таза суу долбоору менен таанышышты

3 млн доллар сарпталчу долбоор. Ош мэриясы таза суу көйгөйүн кантип чечет?

«Миллиондор кайда кетти?» Ош шаарында таза суу көйгөйү боюнча митинг өттү