Кадамжай: Окуучулар бараткан жүк ташуучу унаанын тосмосу сынып, 9 окуучу ооруканага жеткирилди

Материал 17:23тө жаңыланды

Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Өрүк-Зар» орто мектебинин 9 окуучусу жүк ташуучу унаадан кулап, алардын экөө жандандыруу бөлүмүнө түштү. Ал эми мектептин директоруна эскертүү берилип, 5 кызматкер иштен бошотулду. Маалыматты 6-июнда Билим берүү министрлиги тастыктады.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда катталган. Кырсыкка кабылган Hyundai Porter унаасында «Өрүк-Зар» орто мектебинин 9-класстагы жалпы 25 окуучу болгон.

Окуучулар класс жетекчилери менен бирге сүрөткө түшүш үчүн баратканда унаанын тосмосу сынып кетип, окуучулар жерге кулап түшкөн. Унааны класстын мугалими башкарып бара жаткан.

Кырсыктан улам 9 окуучу Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жеткирилип, медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн. Жыйынтыгында 2 окуучу кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Алардын абалы жакшы.

6-июнда Билим берүү министрлиги кеңешме өткөрүп, анын жыйынтыгы менен «Өрүк-Зар» орто мектебинин директоруна эскертүү берилди. Ал эми тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана эки соцпедагог кызматынан бошотулду.

Аны менен катар 9-класстардын эки класс жетекчиси «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамга каршы жасаган иш аракеттери жана окуучулардын ден соолугуна «доо кетиргени, өмүрлөрүнүн коопсуздугун сактабаганы үчүн» иштен алынды.

Буга чейин, 20-апрелде Сокулук районунун Ат-Башы айыл өкмөтүндөгү мектеп-лицейдин окуучуларын ташыган автобус жол кырсыгына кабылган. Анда мектеп автобусу GoBus кичи автобусу менен кагышканы айтылган. Ооруканага жалпы 27 бала кайрылган.

Саламаттык сактоо министрлиги 6-майда кырсыктан жаракат алып, комада жаткан бала өзүнө келгенин маалымдаган.

Автору: Каныкей Келдибек кызы

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто жеңил унаа каналга кулап, үч окуучу каза тапты

Окуучулар кабылган жол кырсыгы: Бир бала комада, үчөө палатага которулду

Сокулуктагы окуучулар кабылган жол кырсыгы: Комада жаткан бала өзүнө келди