Шаардык сот Салкынай Алимбаеваны эки айга камакта калтырды   

Бишкек шаардык соту абактагы оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайын камакта калтырды. Бул тууралуу 14-июнда шаардык соттун маалымат кызматы кабарлады

Маалыматка ылайык, Салкынай Алимбаеваны эки айга камакка алуу боюнча райондук соттун 26-майдагы чечими күчүндө калды

Алимбаева үстүбүздөгү жылдын 25-май күнү УКМК тарабынан кармалып, сегиз саат сурак бергенден кийин ТИЗОго киргизилген. 

Ага «коррупция» беренеси менен айып тагылганы айтылган. Анткен менен, атайын кызмат азыркыга чейин Алимбаеванын иши боюнча расмий маалымат бере элек. 

Адвокат Гуляна Убалиева 2-июнга караган түнү Алимбаева тергөө абагында эс-учун жоготуп, саламаттыгы начарлаганын билдирген. Ошондой эле, жактоочу Алимбаева менен Жээнбековдун жашы жете элек кызы таежесинин колунда калганын, ата-энесинин камакка алынышынан улам абалы оор экенин айткан.  

Равшан Жээнбеков президентке кайрылып, үй-бүлөсүн куугунтуктоону токтотууну талап кылган. Кийинчерээк Жээнбековдун кайненеси да өлкө башчысына кайрылып, кызы менен күйө баласын бошотууну өтүнгөн.

Равшан Жээнбеков Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, ушул учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ага «Массалык башаламандык уюштуруу» беренеси менен айып тагылган. Ошондой эле «Кой-Таш окуяларына» байланыштуу дагы иш козголгон.