ИИМ: Баткенде үй курууда миллиондорду уурдаган «Келечек ЛТД» боюнча кылмыш иши тергелүүдө

Баткендеги жаңжалда кыйраган үйлөрдүн ордуна курулган үйлөр. Сүрөт интернеттен алынды.

Баткен облусундагы 2022-жылдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүүдө «миллиондорду уурдаган» делген «Келечек ЛТД» курулуш компаниясы боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу «Клоопко» 16-июнда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын тургундары жана ишкерлер милицияга арыз менен кайрылган. Алар аталган ишкана алардан 5 347 330 сомго курулуш материалдарын алып, кийин акчасын бербей койгонун айтышкан.

ИИМ бул боюнча «Алдамчылык» беренеси менен иш козгогон. Тергөө учурунда компаниянын жооптуу өкүлү Шахбоз Набиев сурак берип, камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Акчасын алдаткан тургундар

Үстүбүздөгү жылдын 11-майда Баткендеги чек ара аймагын калыбына келтирүүдө курулуш материалдарын саткан ишкерлер облустук администрациянын алдына нааразычылык акциясына чыгышкан.

«Азаттык» басылмасынын маалыматына ылайык, жергиликтүү тургундар менен ишкерлер курулуш ишин жүргүзгөн компаниялар алардын 20 миллиондон ашык акчасын бербей жатканын айтышууда.

«Мамлекет кимдин акчасына курду? Менин акчама куруп элдин ишин бүтүрүп коюп жатабы? Андай болбойт. Азыраак акча болсо күтөт элем. Мен да бирөөдөн алгам да», — дейт нааразы болгондордун бири.

Баткендеги куралдуу жаңжалда жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүүгө тендерди «Аманат Строй Инвест» курулуш компаниясы утуп алган. Компания үйлөрдү куруу үчүн 33 субподрядчик жалдаган.

Алардын бири болгон, Ак-Сай айыл аймагын калыбына келтирген «Алмалуу-Доор курулуш» компаниясы Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы соодагерлерге 12 млн сом карыз экени маалымдалды. Ал эми ишкананын ээси Доорбек Кадыров азыр кайда белгисиз.

Жергиликтүү ишкерлер Достук айылын калыбына келтирген «Келечек ЛТД» компаниясы аларга 7 млн ​​сомдон ашык карыз экенин айтышты. Компаниянын ээси Абдырахмон Махмудов Өзбекстанга чыгып кеткен.

Ал эми президенттин Баткен облусундагы чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү боюнча өкүлү Мамыржан Рахимов компанияларга акчасы толук которулганын билдирди. 

Ошондой эле курулуш иштерин «Аманат Строй Инвест» компаниясы бүткөрүп жатканын белгиледи. 15-июнда минкабдан жаңжалда кыйраган үйдүн 416сы курулуп бүткөнүн кабарлашты.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда толук масштабдуу куралдуу жаңжал болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптаган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган. Жалпысынан куралдуу жаңжалда Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 млрд 130 млн сом деп бааланган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киши экенин жазган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткенди калыбына келтирүү: Насыясын өндүрө албаган ишкерлер нааразычылык акциясына чыгышты