Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов 21-июнь күнү «Чет элдик тыңчы» жөнүндөгү мыйзам долбоорунун демилгечилеринин тизмесинен чыкты. Депутаттын билдирүүсү менен видеону юрист Таттуубүбү Эргешбаева фейсбукка жүктөдү.
Анда Атазов «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга түзөтүү киргизүү боюнча демилгесин чакыртып алганын, мыйзам долбоорунун алгач сунушталган варианты менен бүгүнкү талкууланып жаткан маанисиндеги айырмачылыктар менен түшүндүрдү.
Ошондой эле, эл өкүлү өлкөгө келе турган чоң-чоң гранттарга тоскоолдук жаралышы мүмкүн деп эсептейт.
«Биз чет өлкөлүк агент мыйзамы менен улуттук коопсуздукка жана мамлекеттин эгемендүүлүгүнө дагы сокку уруп албашыбыз зарыл. Ошол эле учурда, Кыргызстанга ар тармактан келген, атайын жардамдарды, спорт, саламаттыкты сактоо, мечит-медреселер багытында келген чоң-чоң гранттарга дагы тоскоолдук болуп калбагандай болушу керек», — деп билдирди Атазов.
Тема боюнча: «Жаштарды бузуп жатышат». Атазов «чет элдик тыңчы» мыйзамын кабыл алууну дагы бир жолу суранды
Буга чейин бир нече депутат баш тарткан
Буга чейин, 9-июнда аталган мыйзамга демилгечи болуудан депутат Эмил Токтошев баш тарткан. Токтошев мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорунун негизги демилгечиси Надира Нарматова анын сунуштарын эске албаганын баса белгилеп, анын жыйынтыгында эл өкүлү өзүнүн кол тамгасын чакыртып алганын айтты.
8-июнда Жогорку Кеңештин «Элдик депутаттар» тобунун мүчөсү Бактыбек Чойбеков демилгечилер тизмесинен чыкканы белгилүү болгон. Депутаттын айтымында, мыйзам долбоорундагы каржылык ишмердүүлүктү көзөмөлдөө жаатындагы өзгөртүүлөрдү колдоп чыккан. Бирок Чойбеков документтин акыркы редакциясында ал макул болбогон башка нормалар да камтылганын билдирген.
Эл өкүлү Эмил Жамгырчиев дагы демилгечилердин катарынан чыгаруу өтүнүчү менен спикерге арыз менен кайрылганын билдирген. Анын айтымында, ал демилгечилердин тизмесине «чет элдик тыңчылар» жөнүндөгү мыйзам долбоорун изилдөө максатында кирген.
Чуулгандуу мыйзам
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга түзөтүү киргизүүнү сунушташкан. Мыйзам долбоорун парламенттин 33 депутаты демилгелеген.
Алардын арасында аткаруу бийлигин ар дайымкы тарапташы Надира Нарматова, УКМКнын башчысынын иниси Шайырбек Ташиев жана «бажычы» Матраимовдор кланынын өкүлү Искендер Матраимов бар.
Түзөтүүлөр Орусиянын «чет элдик тыңчы» деген аныктамасынын бир түрүн киргизип, коммерциялык эмес уюмдар иш жүзүндө аткара алгыс талаптарды коёт. Орусияда бул мыйзам кабыл алынгандан кийин укук коргоочу уюмдар менен көз карандысыз ЖМКнын баары жабыла баштаган.
Мыйзам долбоорун Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиянын Хелсинки комитети жана Human Rights Watch сыяктуу бир нече эл аралык уюмдар да сынга алышкан.
Мыйзам долбоорунун негизги демилгечиси депутат Надира Нарматова коммерциялык эмес уюмдар («чет өлкөлүк тыңчылар») жөнүндөгү мыйзам долбоорун чакыртып албасын билдирген.
Тема боюнча: «Чет элдик тыңчы» мыйзам долбоорун чакыртып алуу боюнча петиция жана кат марафону башталды